От
От алоолонуп күйүп жатат. Эне жаккан от, кылымдардан бери күйүп келген от. Ошол оттун күйгөнү канча кылым, канча заман болду. Канча коломто болсо, ошончо оттун күйгөнү күйгөн. Ал отту эне тутандырат. Ак элечек кийген эне ошол оттун ээси. отту өчүрбөй тутандырып турат. Коломтодогу от, эч убакта өчө көрбө! Кыргыз очогунда от түбөлүк күйө берсин. Кыргыз очогундагы от кылымдардан-кылымга уланып күйө берсин, жылуулук чачсын. Туулган жеримдеги, өз айлымдагы энекемдин коломтосунун жылуулук табы менин эсимен кетпейт. Атам-энем, чоң ата, чоң энелерим, жакындарым ошол оттун табына жылынышчу. Азыр тамак бышып, атам коңур жагымдуу үнү менен өткөндөргө багыштап куран окуп, баарыбыз жаратканга сыйынып тамак ичебиз. Энем жаккан от, жердеги жагылган от эч убакта өчө көрбө!
Ал эми Беккулу атанын тукуму жер шарынын баардык жеринде тарап, өмүр сүрүп, иштеп жүрүшөт. Алар аман-эсенчиликте түбөлүк бактылуу болушсун! Баарынын укум-тукум улансын. Ылайым Беккулу атанын отун өчүрбөсүн! Алар ошол алыс жерден ата-энеси жаккан оттун табын эстей жүрсүн. Балалыгы өткөн жерин, кары-жашты, өз айлын унутпай эстей жүрсүн. Туулган жеринен алыстап кетпесин. Ал жакка кайра-кайра барып кайрылып турсун. Туулган жеринин ыйык тузунун даамын түбөлүк эстей жүрсүн. Ошону жарткан теңирим да каалайт жана колдойт.
***
Жараткан Эгем бир өзүң ыйыксың, өзүң улуусуң, Сенден улуу болбойт да, болгон да эмес. Биз сенин ыйык жардамыңа таянабыз жана муктажбыз.Менин алдымда рухий байлыгы талкаланган анын таза нурунан ажыраган, жаманчылыкка алданып кеткен адам турат. Ал жараткандан жана жакшы адамдардан жардам сурап, кайра жакшы адамга айланууга аракет кылып жатат. Жараткан эгем, мен десең ушул пендеге жардам бере көр! Анын жүрөгүндө уялаган жаманчылыкты акырын айдап чыгып, кайра тазалыктын,