Бабалардын Урпагы. 3 китеп. Кадыр Абакиров. Читать онлайн. Newlib. NEWLIB.NET

Автор: Кадыр Абакиров
Издательство: ЛитРес: Самиздат
Серия:
Жанр произведения: Сказки
Год издания: 2018
isbn:
Скачать книгу
боюу бир кесипти аркалап, чыгармачылыкты таштабады. Жана жөнөкөй эл менен болду. Айылда сугатчы, сакмалчы, балдар менен сарай салды, Базар кайтарып, аны тазалады. Талаага клубника, малина өстүрүп, араба сүйрүп аны базарга алпарып сатчу. Таалайга жараша чыгармачылыгын ыйык тутуп таштабады. Ал ошонусу менен бактылуу болду.

      Зарыл Касымалииев.

      Акын.жазуучу,ардагер,журналист.

      Китепти адабиятташтырып, көркөмдөп, кайрадан оңдоп чыгып, компьютерге түшүргөн Жылдыз Абакирова

      ***

      БУЛ КИТЕП ЖӨНҮНДӨ ОЙ

      Өзүңүн жазган китебиң жөнүндө сөз жазуу өтө оор. Эмнеден баштарыңы билбейсиң. Бирок китебиң чыгып жаткандан кийин баяндама сөз да болуу керек эмеспи. Китеп кантип жазылды, эмне үчүн жарыкка чыгыш керек, ал китеп кимге керек? Жана башка суроолор туулушу мүмкүн. Көп эле китепти окугам алардын баяндама сөзүн башка бирөөлөр жазып беришкен эле. Окуучулар ал китепти окуш үчүн чылгый мактоолор менен коштолуп жүрүп отурат. Окуган адамга кандайдыр бир рухий дух бериш керек. Сени кайратка, бөлөп, жан-дүйнөңү көкөлөтүп бийик абалда алып жүрүш керек. Ошондо сенин жазган чыгармаңын ийгиликтүү болгону, мээнетиңдин кайтканы билинип турат. Бирок бир нерсе бар. Ал окуучунун окуучулук табитине, деңгелине байланыштуу болот. Мисалы үчүн баардык эле окуучулар улуу акын, жазуучуларыбыздын чыгармаларын толук түшүнөт деген ойдон алысмын. Мисалы жогорку филология окуу жайын бүткөргөндөр А. Осмоновдун же Ч. Айтматовдун, Ф. Достоевскийдин чыгармаларын толук жеткиликтүү түрдө түшүнөт деген ойду ойлогум келбейт. Алардын чыгармасын түшүнүш үчүн окуучулук бийиктик керек. Баардык эле окуучулар Алыкулдун ырларын толук түшүнө берет деген такилипти айта албайм. Анын ырларынан ар бир окуучу ар башкача эргүү алат. Мен бул жерде окуучунун чыгармачылык даремети жөнүндө сөз козгодум. Анын даремети канчалык жогору болсо, окуган чыгарманын ошончолук сиңимдүү сынчыл көз карашта болоору талашсыз нерсе. Көп адамдар карандай турмуш менен алектенип жүрүп китеп окууну таштады, ал адамда эч бир окуучулук бийиктик болбойт. Өмүрүндө карандай турмуш менен алышып жүрүп, бир китеп окубаган адамдар толуп эле жатат. Аларда кайдагы сыпат болмок эле.

      Эми кепти бул китеп жөнүндө айтайын. Биз совет учурунда төрөлүп ошонун тарбиясынын негизинде чоңойдук. Ал учурда ата бабанын санжырасы, же ислам дини жөнүндө эч бир түшүнүгүбүз болгон эмес. Дин бул- адамдын башын айланткан апийим деген таризде чоңойдук. Же болбосо ислам дининин төгүнгө чыгарган атеизим деген окуу болгон. Совет доору урады. Ата бабанын санжырасы кайтып келди. Санжыра айткан кишилерди «өзүмчүл экенсиң» дечүбүз. Ал эми куран окуп, намаз кармаган кишилерди түшүнүгү жок эски адамдар деп эсептеер элек. Чындыгында андай деле эмес экен. Ата бабанын санжырасын билип алсаң, ал деле сага жаман болбойт тура. Ислам дини менен жүрсөң тарбияң жакшы болуп, жаман ишке барбайт экенсиң. Бул жерде мен эмне үчүн санжыра керектигин кыскача баяндадым.

      Эми