Бабалардын Урпагы. 3 китеп. Кадыр Абакиров. Читать онлайн. Newlib. NEWLIB.NET

Автор: Кадыр Абакиров
Издательство: ЛитРес: Самиздат
Серия:
Жанр произведения: Сказки
Год издания: 2018
isbn:
Скачать книгу
жүргөн чагында эле чыгармачылык менен алектене шугулданып, китепти көп окуур эле. Бала күнүнөн бери ыр жазганды таштаган жок.

      Заман өзгөрдү, көптөгөн чыгармачыл адамдар өздөрүнүн жазгандарын таштап, чыгармачылыгынан кол үздү.. Ал эми Кадыр Абакиров калемин таштаган жок. Автор дүйнөлүк улуу чыгармаларды берилүү менен окуп чыккан. Анын жазгандарында ошолордун таасири байкалат. Автордун мүнөзү токтоо, ой жүгүртүүсү өтө терең, ар бир нерсени өтө этият баамдап, андан жакшы тыянак чыгара алат. Ошол үчүн анын чыгрмаларында учкул сапаттар бар экендигинин баамдоого болот.

      Эмки сөз ушул китеп жөнүндө болсун. Бир айыл жөнүндө төрт томдук китеп жазуу оңой-олтоң иш эмес. Кээ бир адамдар үчүн өз айылы жөнүндө бир куплет ыр жазуу тирүүнүн тозогу катары сезилеер.. Ал эми автор төрт томдук китеп жазыптыр. Анын үчөө басууга даяр экен. Мен бул үчүнчү китепти берилүү менен окуп чыктым. Чыгармада эмне деген гана окуялар жок. Китепте санжыра, уламалар, кошоктор, белгилүү адамдардын аттары, иштеген иштери, сатира, күлкүлүү юмор, туулган жердин жаратылышы, алыста калган балалык, жаштык күндөр, кыскасы баардыгы шай келет. Баардыгы окуган адамдын эсинде түбөлүк кала тургандай. Адамдар кээ бир чыгармаларга ар дайым кайрылып, бөксөргөн рухун толуктап турушат.. Бул китеп да ошондой чыгармага айланыптыр. Кээ бир чыгармалар адамдын эсинде унутулбай калат. Ошол унутулбай эсте калган чыгарма – жакшы улуу чыгарма.

      Азыркы айрым жаштар санжыра-санатка көр тирликтин айынан көңүл бура албай калышты. Мына ошолорго ушул китеп сөзсүз керек. Адам токтолгон куракка жеткенге чейин жети атасын элес-булас билет. Бул китеп ошол жети атасынын улама-санжырасын билгенге толук жардам берет.

      Эми бул китеп жөнүндө ар кандай ойлорду айта берсе болот. «Тигини жазбаптыр, муну киргизбептир, начар жазыптыр»-деп каралап шыбаса болот.

      Мындай санжыра-баян жазганга зор чыгармачылык дарамет керек. Керек болсо бир адам жөнүндө бир куплет ыр жазуу ойго келбеген мүшкүл иш болуп чыга келет. Ал үчүн ой жүгүртүүң терең болуш керек. Көптөгөн адабий чыгармаларды окуп чыгышың керек. Чыныгы чыгарма жазууга даярдыгың болуш керек. Ошондо барып сен ойлогон жумуш ишке ашат. Мен көп эле авторлорду билем алар өзүнүн айылы жөнүндө чыгармаларды өтө аз жазат, же такыр эле жазышпайт. Китеп жөнүндө көп сөз кылбайын. Мындай чыгарманы чоң сынчылар, окумуштуулар санжырачылар гана талдоого кудурети жете алат. Ал эми жөнөкөй адамдар бул китеп жөнүндө ар кандай ойлорду айтып туруп алат

      Кыскасы эң жакшысы өткөн адамдарды эстөө, алардын образын ырга салуу укмуш сонун эмеспи, же чоң майрам. Сен алар менен бир кезде бир болгонсуң. Демек алардын элесин унута көрбө! Алардын ыйык элеси ошол чыгарма аркылуу эске келип жатпайбы. Кээ бири айтышы мүмкүн «Тигил, же бул адам жөнүндө толук жазбаптыр» деп. Андай болбойт ар бир адамдын өмүр баянын жазып туруп алса чыгарма болбой калат. Ал адамдын тарыхын өз оюң менен баамдап сүрүп ал. Автор ал адамдын образын кыскача гана ыр менен эскерип жатпайбы. Калганын өзүң баамдап ал. Акылың болсо.

      Автордун мындан башка көптөгөн китептери бар. Кыркка жакын балдар үчүн жазылган сонун жомок китептери, ыр жыйнактары, аңгеме, санжыра, осуят-акыл, учкул сөз жана башка толгон-толгон китептер. Кыскасы ал өмүр боюу узанып келген чоң чебер, чыгармачылык куржуну толтура Мен авторго дагы ийгилик каалайм жана ар бир айылдык адам бул китепти окуп чыкса, көптөгөн