Бабалардын Урпагы. 3 китеп. Кадыр Абакиров. Читать онлайн. Newlib. NEWLIB.NET

Автор: Кадыр Абакиров
Издательство: ЛитРес: Самиздат
Серия:
Жанр произведения: Сказки
Год издания: 2018
isbn:
Скачать книгу
калганбыз мындай азаптуу абал бир канча жылдарга созулду. Ал кезде заман оңолбой эле оңкосунан кеткен учур болду. Акыры экөөн өлкөдөн кууп чыгып, эми кичине заман оң жолго түшүп келатат. Ал кезде каражат жок айылга да баруу мен үчүн тозокко турду. Мындай кезде адам-адамды, тууган-тууганды карабай, байлыгы бар кишилерди айланчыктоо башынан эле келе жаткан көрүнүш эмеспи. Анан мен кантип ар бир кишиге китепти таратып берем. Дагы ошончо убактымы коротуп, машинкага басып бергениме ыраазы болсун. Ал китепти алган кишилерден же, окуган адамдардан деле эч бир кымындай жакшы сөз уккан жокмун. Бирөө дагы ырахмат айткан жок, кайра текеберсинет.

      Ар бир адам өзүнчө тарых, санжыра ошол үчүн колдон келишинче анча-мынча болсо да ошолордун образын берип, келечекке сактап калайын жердештерими ырга салайын деген эле ой.

      Убакыт өтөт замандар жылып, адамдар картайып жок болот. Ошондо кийинки муун окуса деген эле ой турат. Мисалы биз мурунку адамдар жөнүндө эч нерсе билбейбиз, баарын унуттук, анан биз дагы ошондой болуп унутулуп калалыбы. Менин балалык күнүмдө элесиме сонун адамдар эске келет. Аларды биз таппай калдык, бир жашап өттү, бүттү кетти… Кимдин ким болгону бизге белгисиз. Андай болбойт го. Чыгармада баардык адамдарды чылгый мактай берүү жарабаган иш, ага эч бир адам ишенбейт. Ар бир чыгармада тарбиялык маани болуш керек, кийинки муун мурунку муундун жаңылыштыгын кайталабай жакшы адам болуш керек, ошол керек болуп жатпайбы. Мен чыгармада эч бир адамды жамандайын деген оюм болбоду, анын мага кереги да жок, болгону ирония, күлкү үчүн кичинеден чымчып өттүм. Ал эми кемчиликти айткан аты жок ырлар бар алар жалпыбызга сабак болот, ошол үчүн ошол кемчиликти кайталабай жакшы адам болушубуз керек болуп жатпайбы.

      Ошондой эле китептин аяккы бетинде Беккулу атанын үч уулунун тукумдары жазылган тизме толугу менен киргизилди. Анда кемчиликтер бар кыргызда көч бара-бара түзөлөт деген асыл сөз бар эмеспи. Балким кээ бир адамдар тизмеге кирбей калган же туура эмес жазылган. Ошондой болсо да негизги тизме жазылды аны оңдоп алууга болот. Кимдир бирөө ошону оңдоп, толуктап, тууралап берсе гана. Анын атына ырахмат айтып, китепке киргизип коёт элек. Тизме эмес китеби жок, а деген санжырасы жок кыштактар толуп деле жүрбөйбү. Аларга жети атасын, жети атасын санжырасын билүү адамдык парзы эмес. Аларга мындай ишти аткаруу кандай азап тозок. Муну бел байлаган киши гана аткара алат эмеспи. Ал эми китепти окуп алып, «мындай тигидей» деп айта берсе болот. Ал өтө жеңил. Жазганга караганда ооз эки сүйлөп сындаган алда канча жүз эсе оңой эмеспи. Керек болсо алар бул китептин кимге кереги бар эле деген ойду айтышы ыктымал.

      Эми санжыраны окуу маселеси. Бизде деле кыркка чукулдап калган адамдар да жети атасын билбей жүргөндөрдү көп эле. Жети атасын сурай келгенде «биздин атабыз чымчык эмес беле дейт. Баса Торгой ата бар эмеспи» дейт. Ал адам «Сенсиң

      торгоюум» деген ыр бар эмеспи. Ошону эстеп, ошондон ал ата-бабасынын атын эстеп жатат. Жети