Бабалардын Урпагы. 3 китеп. Кадыр Абакиров. Читать онлайн. Newlib. NEWLIB.NET

Автор: Кадыр Абакиров
Издательство: ЛитРес: Самиздат
Серия:
Жанр произведения: Сказки
Год издания: 2018
isbn:
Скачать книгу
бербейин калганын кийин сүйлөшө жатаарбыз. Баса бул китептеги жана өткөн китептеги кемчиликтерди айтып, же жазып берсеңер дурус болгон турат. Себеби ал кийинки чыккан чыгармада кайталанбаса болду.

      Мен дагы эмнени айтайын дедим эле, мен улгайдым чачым ак чалды. Айлым үчүн Беккулу атанын тукуму үчүн колдон келе турган санжыраны жазып бердим. Алар ата-тегин билип, туулган жерин сүйүп, жашасын дедим. Колуман келген китептерди жазып бердим. Аларды көп китеп кылып чыгарыш өздөрүнүн эрки. Мен эч нерсе айта албайм. Санжырадан башка дагы менин көп иштерим бар: ырларым, жомокторум, поэмаларым, сатираларым, учкул сөздөрүм, мугалимдик чыгармаларым, достук тамашалар жана башка толуп-толуп жаткан эмгектерим. Кээ бир жерде мындай чыгармачыл кишилиерди эли колдойт экен бирок менин ага көзүм жетпейт. Анан тигил санжыраны чыгартып алыш алардын өз эрки. Ал болбосо, мен жазып берген машинка менен басылган кол китепти окуп жүрө беришсин. Менин тилегим ата-тегин билсе болду, андан башка нерсени деле каалабайм. Ал эми рухий маданиятын, байлыгын жогорулатуу ар бир адамдын өз иши.

      « Илгери адамдар ар кандай окуялардын таш бетине чегип

      «жазчу экен мен жердештнримин атын кагаз бетине чектим».

      Автор

      Түпкү атабыз Беккулу

      Түгөл кыдыр даарыган.

      Ушулардан кеп козгоп,

      Улама баян жаңырган.

      Санжыра

      Алыс жакты серепчилеп карасам.

      Көчмөндөрүм улантышат сапарын.

      Ак баракка чиймелеймин акырын

      Бабалардын үл-бүлдөгөн караанын.

      Бабалардын караанына кагылып

      Тизмектейин санжыранын барагын

      Абалкынын элесине жалынып,

      Тактайынчы аңгемемдин ар сабын.

      ***

      Адамга туулган жери ыйык. Канча пенде алыста жүрүп туулган жерин сагынат. Көңүлүндө эргип ыр жазат. Ошондуктан бул китептеги ырлар ошол сагынычтан жаралса керек. Туулган жерге болгон сагыныч көзгө көрүнгөн буюм эмес. Ал адамдын жүрөгүндө кенч сыяктуу бекем катылып жатат. Аны адам өмүр бою жүрөгүндө бекем сактап ала жүрөт. Ошондуктан туулган жерге болгон сагыныч ыйык ыр же куш болуп учуп жүрө берет. Ал элес мындай чыкканда, туулган жерден алыстаганда пайда болуп, куш сымал абада калкылдап учуп турат. Андай ыйык куш ар бирибиздин жүрөгүбүздө бар. Ошол куш сайрап ыр жаратып жатса керек.

      ***

      Үрүл-бүрүл бабалардын карааны,

      Бул дүйнөдө аны кармай аламбы.

      «Байкоо салып, көз жибер,-дейт алыска»

      Баян айткан аңгемечи чал дагы.

      Көз жиберсем Саманчынын жолуна

      Бабалардын доошу келе баштады.

      Дайым тынбай ыр артынан ыр жазып,

      Дал ошентип жараткамын дастанды.

      ***

      Айланайын Көкө Теңирим! Ала-Тоом – арка белим! Туулган Жерим – касиетүү мекеним. Ата-Бабам конгон конуштарым. Көпөлөк кууган адырларым, кырларым, мен кечип өткөн сайларым, ата-бабам өткөн