– Күнөөсү жок, жактырбаган жерге баса көктөп кирген неме жакшылык кылмак беле, кандай келсе бир күнү ошондой кетет!
– Кой байбиче, мындай сөзүңдү менден башка бирөө укпасын, уулуңдун кандай бактылуу болуп жүргөнүн байкадыңбы, жалгызыбыздын шаабайын суутпай тоюн өткөрөлү, – деп Сагынбек акырын аялын көндүрмөк болду. Бирок Турдукандын угаар түрү жок, алар ошентип сүйлөшүп жатканда төркү бөлмөдөн чыгып келе жаткан Жамийла баарын укту, бирок бир дагы сөзүн Туратка айтпады.
– Жамиш, бактылуусуңбу жаным? – деди Турат он беш күндөй өтүп калганда.
– Ооба, абдан бактылуумун, – Ойлуу сүйлөдү.
– Сен чын дилиң менен айткан жоксуң, капасыңбы мага? – Үйрүлө өзүнө тартты.
– Жо-ок Турат, мен аябай капалуудай көрүнүп жатамбы?
– Ооба, жүзүңдө капа турат.
– Кабатыр болбо, балким үйдөгүлөрүмдү сагынып жаткандырмын.
– Андай болсо барып кел.
– Ошол болчу беле?
– Эмне болмок эле?
– Күйөөгө тийген кыз жөн эле барса уят.
– Анда кантиш керек?
– Төркүлөткөндө барат да, – Жамийла анын эчтекени билбегенине күлкүсү келди, – Сен такыр билбейсиңби?
– Жо-ок, түшүнбөйт экенмин.
– Мейли, акыры баарын билгенге дагы жетишесиң.
– Алтыным, мен сенин жүзүңдөн күлкү гана көргүм келет алтыным.
– Кой эми жаталы, мен өзүмдү бактылуу гана сезип жатамын, кабатыр болбо, – деп Жамийла күйөөсүн жубатып коюп жатып калды, бактылуу жаш жубайлар бири-бирине жеткенине жетине албай бактынын кучагында мемиреп уктап кетишти. Таң эртең менен Турат сыртка чыгып кеткенде аңдып тургансып Турдукан кирип келди:
– Сен биерге уктаганы келдиң беле? – деп үстүңдөгү төшөктү сыйрып алды, – Жыландай болуп баламды арбап кирип келдиң, эми менин ыдыгыма чыдай алсаң жашайсың, чыдабасаң кетесиң! – деди да кайра шарт эле чыгып кетти, – Ич кийимчен бүрүшүп отуруп калган Жамийланын өңү боппоз болуп нестейип туруп калды, көзүнөн жаш чыкпады, башына ой келбеди, же төшөктү кайра жамынып алуу эсине келбеди, Турат сыртка чыгып ажатканадан келе жатса классташы келиптир, ал таң атпай өзүн чакырып келген, анткени ал дагы үйлөнмөк болуп жаткан эле, аны менен сүйлөшүп ичке кирсе Жамийланын тырышкан бойдон отурганын көрүп чоочуп кетти.
– Жамиш, сага эмне болду, Жамиш дейм?! – деп жаагына жумшак ургулаганда гана зорго эсине келди, – Ө-өч, коркутуп жибердиңби, эмне болду жаным?
– Эчтеке, ооруп турат окшойм, – деп али денесинин калтырагы кетпей жооп берди.
– Бирдемеден чоочудуңбу?
– Жок, – Жамийла кийинип туруп сыртка чыгып бара жатып кайненесин көрүнүп калабы деп коркуп ажатканага кирип эки жагын каранып зорго кайра чыгып ашканага кирди, негедир жүрөгүнүн түккүлдөгөнү токтобой туруп алды, муздак суу ичип чай коеюн десе ал коюлуптур, эмне кылып жагынаарын билбей турганда Турат кирди, экөө турганда Турдукан кирди:
– Катын