– Мама, мен ал кызды өзүм сүйөм!
– Сүйүү-күйүү, мындайдын баары жомок, атаң экөөбүздү ата-энелерибиз эле үйлөндүрүп койгон, мына жакшынакай эле жашап жатабыз го?
– Сүйүп көрбөсөңөр айта бересиңер да, кардым ачты бирдеме ичиресиңерби деги? – Турат ордунан тура калды.
– Отур! – деди Сагынбек уулун жекире карап, – Сүйүү дейт тура, сен эмнени билипсиң, сүйүү деген жакшы иштеп мансаптуу болуу, кызматың болсо баары болот, апаңдын иши бар, менин кызматым бар, жашоо кудайга шүгүр, андан башка сүйүүнү көрө элекмин.
– Жүрөгүңөр жок, силер мени түшүнбөсөңөр бир күнү менден кутуласыңар! – деп Турат эчтеке ичпей туруп кетти, ата-эне унчукпай тиктешип отуруп калышты, бирок дал ошондогу Тураттын сөзүн электен өткөрүүгө алардын кудурети жетмек кайда, ички сезим, аздек туюмду алар сезбейт да болчу, себеби аларга бакыт деген кызмат менен гана жакшы жашоо чектелген эле. Ошол бойдон алар уулунун кандай абалда экенин байкашпады, Жамийла Туратка жолугуп сүйлөшкүсү келбей кача берди. Убакыт аккан суудай аркырап өтүп онунчу класстардын мектепти бүтчү убактысы дагы келди. Жамийла окууга бара турган чамасы жок болчу, аргасыз бир жыл совхоздо иштеп бир жылдык жолдомо менен барганга аракет кылып апасынын ордуна конторду жууп иштеп калды. Турат окууга ата-энеси канчалык сүрөп жакшы да жаман да айтып үндөсө дагы барбай койду. Бир күнү ал Жамийлага жолугуп:
– Жамийла, үйлөнүп алалы, мен сенсиз жашай албайм, – деди.
– Сен бул сөздү өзүң айтып жатасың, ата-энеңдин кааларын же каалабасын билбейсиңби, – деди кыз.
– Мен жалгыз баламын, мени алар угушат.
– Анда ошолордон уруксат алып кел, мен макулмун, эгерде алар каршы болушса мага калп айтып келбе, ансыз дагы менин өз жашоомдогу маселелер өзүмө жетиштүү, – деп кыз басып кетти, Турат үйүнө келип:
– Ата, мен үйлөнөм, – деди капалуу.
– Макул, окубай деги койдуң, кайсы кыз экен ал?
– Жамийла.
– Кимдин кызы? – деп Сагынбек сурап отурганда Турдукан: “Ошол ичкич менен бет маңдайлашып кантип чай ичебиз?” – деп туурадан чыкты:
– Эмне, алар адам эмес бекен?
– Адам деген адамдай жүрөт, Жамийланын атасы ичкич, ал адамдын же малдын айрымасын билбейт, адам деген аты бар гана макулук, – деди Турдукан жиндене.
– Мама, сиз энесиз, анан мугалимсиз, сизди билимдүү деп ким айтат, адамды кордоп жатпайсызбы, – деди Турат.
– Ооба, мен биринчиден энемин, сенин энеңмин, сени бактылуу болсун дейм, мугалиммин балдарга тарбия берем.
– Сиз тарбия бергенде адамды жаман жакшы деп бөлгөнгө үйрөтөсүзбү? – деди Турат апасын тикирээ карап.
– Жок, мен балдарды тартиптүү болсун, ата-энесин сыйласын, билимге умтулсун дейм, бирок өз баламды тарбиялай алган жокмун.
– Мен кылымда бир кайталанчу сүйүүгө кабылдым мама, мени силер түшүнбөсөңөр ким түшүнөт, анда мен өз сүйүүм үчүн календер болуп жеп кезүүм керекпи? – деди Турат жаны кашая, – Эгерде макул болсоңор мен Жамийлага үйлөнүп анан окууга тапшырам, болбосо менден үмүт үзгүлө? – деди да үйдөн