– Көпкө күттүрүп койдумбу? – Кыз ажарлуу жылмайды.
– Эчтеке эмес, сени өмүр бою күтүүгө даярмын.
– Чынбы, ошончолук сүйөсүңбү? – Экөө кучакташып өбүшүп турду, айлананы караңгылык каптай баштаган, Турат дароо кызды кучактаган колдорун бошотуп жүзүнө тике карады.
– Менин кандай сүйгөнүмдү сен кайдан билесиң, жүрү азыр үйгө барабыз, – деп колдон алды:
– Турат, эмне деп жатасың?
– Мен айткан соң аный дебе, – Болбой колунан тартты.
– Турат, алар мени кабыл алышпасачы?
– Алат, эгерде кабыл алышпаса биз башка жакка кетебиз.
– Кайда барабыз?
– Сен мени сүйөсүңбү? – Турат ага кайра тигиле карап калды.
– Ооба, жанымдай сүйөм.
– Анда мендик болушуңду каалайм.
– Кеттик, кандай толкун сел болсо дагы кайылмын, – Жамийла Турат менен жетелешип жөнөдү.
– Мен сенсиз жашай албайм Жамийла, алар мени бала дешет, балалык кылып жатат, бул сүйүү эмес деп мени тоготушпайт, ошондуктан аларга сүйүү кандай күчтүү болоорун далилдейм, – деп кетип жатып сүйлөп бара жатты.
– Бекер кылып жаткан жокпузбу?
– Эч качан, акыры түшүнүшөт.
– Корком Турат, таптакыр терс айланышсачы?
– Андай болбойт, көрөсүң го, алардын менден башка алардын эч кимиси жок, баш ийбеске аргалары да калбайт, – Турат ишенимдүү сүйлөдү.
– Ата-энеңди оңтойсуз абалга калтырып коебуз го?
– Жок жаным, алар түшүнүшсүн, экөөбүздүн бири-бирибизсиз жашай албасыбызды, – Аңгыча алар көчө аралап үйүнө жакындап калышты.
– Акырын басчы Турат, күйүгүп кеттим.
– Мына жетип калдык, – Турат ачык турган дарбазадан кирип барып үйдөгү бака-шаканы угуп токтой калды, ал жалаң гана Жамийланы ойлой берип атасынын туулган күнүн унутуп коюптур, жылда ушул күнү Сагынбек жакшы санаалаш эки-үч гана достору менен чогуу белгилемей адаты бар, Турат ичинен кым деп алды: “Эң сонун болду, дал ушулардын көзүнчө алып кирем, унчуга албай калышат”, – деп ойлонду да Жамийланын колунан бекем кармап алып бака-шака түшкөн бөлмөнүн эшигин ачты, баары босогону карап үн катпай тунжурап калышканда:
– Ата, туулган күнүңүз менен, ушул күнү сизге атайын келин алып келдим! – дегенде Сагынбек аялын карады, Турдукандын өңү бузула ордунан тура калды:
– Турат, бул эмне кылганың?!
– Келин алып келдим апа.
– Чыккыла эшикке! – дегенде Жамийла артка карай тартынды эле Турат кое бербей туруп алды:
– Турдукан, Сагынбек уулуңар азамат тура, андан көрө башына жоолук салгыла, – деди Шайлоонун аялы Ырыс тура калып, – Келин дагы жакшылык болот, жалгыз балаң үйлөнүп жатса мунуң туура эмес.
– Туура-туура Саке, жакшылыкты артка кайтарган болбойт, башыңарга баш кошулду, – деди Шайлоо, баары жаалап ийгенде Турдукан ичкери кирип жоолук алып чыкты, болгондо дагы жуулган