Эми гезит бетинен эмнелерди гана окубайбыз, эл башындагы төбөлдөр эл менен иши жок эле так талашып саясаттын сасык оюндарын ойноп, үй-бүлөөсүн чет өлкөлөргө көчүрүп коюп калдайган кыргыз журтунун ырыскысына кол салып ичип жеп качып кетип жатышпайбы. Чиновниктер сойкуларды жок кылуу керек, эки аял алуу менен сойкулук жоюлат дегени менен сойкулар ошол бойдон калууда, ач көздүк, байлыкка манчыркагандыктан ошол эле чиновниктер жаш кыздардын тагдырын талкалап, аларды колундагы жансыз буюмдай колдонуп жатканы кимди гана болсо өкүндүрбөй койбойт. Неге адам, анан дагы улуу журттун жараны катары элибиздин улуу салтын ар намысын сактоонун ордуна өз жерибизде, өз мекенибизде туруп өз кыздарыбызды чулгоочо оронуп, ал шыбоо сыяктуу кайра ыргытылып калганы кандай өкүнүч. Мен бул чыгармамда ошол тагдыры гүлдөгөн кезинде уйпаланып калган бир гана кыздын тагдырын жазгым келет. Бул эгерде колдоруна тийип жок дегенде көз жүгүртүп калса намысын ойготоор, аз да болсо атуулдук сезими козголуп өз карындашындай, кыздарындай кээде небересиндей кыздарды тепселеп таштап кеткенин токтотоор, эл үчүн кызмат кылаар деген ойдомун. Эмесе сөз башынан болсун, бул бир төрөлгөндө эле тагдыр аны башынан сылап койбогон, ата-эненин жүзүн көрбөй калып таежесинин колунда кордук көрүп өскөн Жаркынай деген көз жөнүндө болмокчу…
Жамийла менен Турат, мектепте окуп жүрүп эле бири-бирин сүйүп сүйлөшүп жүрүшкөн. Тураттын атасы Сагынбек совхоздо белдүү кызматкер болуп иштечү, апасы Турдукан мугалим эле, Турат жалгыз баласы болчу. Алар жалгыз баласын окутуп-чокутуп адам кылууну ойлошчу, оо алардын тилеги абдан ыйык анан бийик болчу, уулуна эч нерсени теңечү эмес… Жамийланын атасы Жолдош ичип алып үй-бүлөөсү менен иши жок жүрө берчү, апасы Тоту мээнеткеч аял, контордо шыпыргыч болуп иштечү, үч баласын тооктун жөжөсүндөй кылып алтымыш сом айлыгы менен багып жаткан. Жамийла менен Тураттын ортодогу мамилеси онунчу классты бүтүп жатканда баарына белгилүү болуп калды, бул шыбыш Турдуканга угулуп калып адегенде Жамийланы чакырып алды:
– Кел кызым отур, – деди кызды жаман көргөнүн билгизбегенге аракет кылып, – Мен уккан ушак чынбы?
– Эже…
– Түз, чындыгын айт!
– Эже… мен…
– Турат экөөңдүн мамилеңер мындан ары өтпөшү керек, сенин дагы тагдырың бар өзүңчө, кыскасы Тураттын жанына жолобо! – деди Турдукан ага катуу эскертип, ал үндөбөй контордон чыгып кетти. Ал классына кирип ызасын зорго токтотуп партада отуруп сабак бүткөнчө эптеп чыдады.
Түш ченде сабактан тараары менен Жамийла шашылыш үйүн көздөй жөнөдү, онунчу а класста окуган Турат анын артынан жете келди.
– Жамийла, эмнеге менин кыйкырганымды укпайсың?
– Турат, мен ооруп турам, – деп Жамийла басыгын токтотподу.
– Эмнеге, ооруп калдыңбы?
– Ооба.
– Эмнеге мени менен сүйлөшкүң келбей калган, мени карачы, – деп Турат анын алдын тосту, – Ооруп турсаң мен деле кармабайм, бирок сен капалуусуң го, айтчы ачыгын, эмне болду?
– Турат, жолумду тозбо, мен сага эсеп бере албайм! – деп аны кыз көкүрөккө аста түртө жолуна түштү.
– Жамийла, экөөбүздүн кечээги эле сүйлөшкөн сөздөрүбүз кана?
– Ал эми жок!
– Эмнеге?
– Ошого!
– Турат! – деди аларды сыртынан акмалап келе жаткан Турдукан, – Ал кызды жайына кой!
– Ма…
– Уят эмеспи, орто жолдо кызды уялтканың, элге кеп кыласың, – дегенде Турат саал ойлоно калды: “Чын эле уялып калса керек, ансыз деле бизди бүт мектеп “Олжобой менен Кишимжан”, – деп жүрүшпөйбү, башка балдар кат менен сүйлөшсө мен күндө жанындамын, кой уят кылбайын”, – деп ойлонуп апасын көздөй басып барды, – Экинчи ал кыздын жанынан көрбөйүн, – деди Турдукан кетип бара жатып:
– Эмнеге мама? – Ал кезде кээ бир чоңдордун, жетекчилердин балдары “мама, папа” дешчү.
– Ал кыз сага тең эмес экенин билип жүр!
– Мама…
– Болду, калганын үйгө барганда сүйлөшөбүз, – деди Турдукан, ал чынында абдан катаал аял эле, жалгыз баласын канчалык жакшы көрсө ошончолук катуу кармачу. Көбү аны жеткен мерез аял дешчү, апасынын түрүн көргөн Турат унчукпай алдыга басып кетти, үйүнө келгенче ар кайсыны ойлонуп көңүлсүз кийимин алмаштырды: “Эмнеге Жамийла мага тең эмес, жакшынакай сулуу кыз, мен аны, ал мени сүйөт, эмнеси бар экен”, – деп ойлонуп өз бөлмөсүндө жатып алды.
Ошол бойдон уктап калган экен, Турдукан аны ойготпой тамак жасап андан кийин күйөөсү келген учурда гана кобур-собурдан ойгонуп кетти, туруп бөлмөсүнөн чыгып келе жатып токтоп калды.
– Балаңа акыл-насаат айтпайсыңбы, кайдагы бир ичкичтин кызы менен мектепте роман болуп кетти, – деген апасынын сөзүн угуп тыңшап калды.
– Ким экен ал? – деди Сагынбектин коңур үнү.
– Жолдош деген, аны ким тааныптыр.
– Бала да азыр, тоок сүйүүсүдүр, – Сагынбек кайдыгер үн катты.
– Баары ошол баладан башталаарын билбейсиң, сүйөм-күйөм деп ошол кызды алам