Ай жаңырып, мал төлдөп,
Айран, жуурат толуптур.
Атыгай кончу өтөккө,
Ортоңку айыл конуптур.
Кошубай кончу өтөктө,
Каакым менен гүл жайнайт.
Качандыр өткөн бабалар,
Кайра артына кайрылбайт.
Агарып гүлдөр көрүнүп,
Ак Сайдын суусу агылса,
Жаздын маалы болуптур.
Арпа тектир конушка,
Язбек уулу конуптур.
Абадан кончу өтөктө,
Атыр жыттуу гүл жайнайт.
Алыска кетип жок болгон,
Аталар эми кайрылбайт.
Боордон туруп карасам,
Боогачы өтөк көрүнөт.
Боогачы өтөк жайлаган,
Боолотуп жылкы айдаган,
Боорлорум неге көрүнбөйт?
Жардан туруп карасам,
Жантай өтөк көрүнөт.
Жантай өтөк жайлаган,
Жайында малын айдаган.
Жаркындар неге кайрылбайт?
***
Айыл терең тынч уйкуда. Дабыш жок үн чыкпайт. Асманда толгон ай. Чыгыштан жаадырап чыга келип, Мен төрөлүп өскөн айылды алтын нурга бөлөп, магдыратып салды. Менин балалыгым өткөн жерлер алтын нурга бөлөнүп калды. Айланамда улуу тоолор. Касиеттүү Чоң Таш жайлоосу. Балалыгым өткөн жерлер алтын нурга бөлөнүп жатты. Алдымда Чоң-Ташымдын суусу ал күчкө келип күрүлдөп агып жатат. Бул касиеттүү аймактын баардыгы айдын алтын нурга бөлөнүп калды. Мен жерди карадым, жер жап-жашыл, тизеден келген шибер чөп. Анда-санда гана көйрөң жел мен бармын дегенсип согуп өтөт. Баардыгы терең уйкуда. Балалыгым өткөн ыйык жерди, тегерек ай алтын нурга бөлөп өтүп баратты. Жан-жагымда байыркы замандан бери жашап келаткан ата-бабам көргөн асыл тоолор. Бир кездерде менин ата-бабам дагы ай нурунда туулган жерди ушинтип карагандыр. Мен жап-жалгыз ушул жерде турам. Ушул жерде туруп, бул жерде өткөн жакындарымды, тааныштарымды эстеп жатам. Абаларымды, апаларымдын жаркын элестери көз алдыма даана келип турду. Алар менин эсимен кетпей турду. Алардын сүйкүм элестери менин көз алдымда даана турат. Мен кечөө бир таанышым менен келип ушул жерде таш короонун жанына туулган жеримди көрөйүн деп жалгыз конуп калгамын. Кулагыма жылкынын кишенегени, койлордун маараганы, уйдун мөөрөгөн даана угулуп турду. Тээ алыстан кандадйдыр бир суурдун ышкырган үнү угулгансыйт. Ошол мени суктандырган балалыгымда болгон суур окшойт. Алыстан атам, Аляз абам, Дүйшөн, Жусу, Кенебай, Сыдыш, Көкүш, Тынчылык Токуш байкелерим коюн айдап келаткан элестер көз алдыма келип-кетип турду. Аларды мен эстебей эле алар мени эстеп тургансыйм. «Сен эмнеге туулган жериңе көптөп бери келбей калдың- дегенсийт. -Туулган жерге келип бизди эстеп тур» дегенсийт.Энем, асыл жеңелерим Гүлүй, Бурулуш, Батма, Батый, Гүлбайра жана башкалар өз турмушун кылып жүргөнсүйт. Тээ алыста жылкынын кишенеген үнү, аларды түбүртү кулагыма даана келди. Ашыбай чоң атам бир тараптан жылкы айдап келаткансыйт. Ушундай элестер менин көз алдыма келип -кетип турду. Кечке жөө келип чарчаган окшойм. Атам салган таш короонун түбүнө жатып уктап алайын дедим. Жашыл чөптүн үстүнө жатып, чапанымы айкарасынан жамынын уйкуга кирдим. Түшүмө өткөн балалыгым кирсе экен. Эртең менен ойгонуп, аталар өткөн конушту аралап аларды ырга салайын. Касиеттүү туулган жерим сен барсың, сен барда мен бармын. Мага тааныш жаркын адамдар силер мени мененсиңер. Силердин