Өзүңдү өзүң таанып, өзүңдүн ким экендигиңди билгиң келеби?
Өзүңдү өзүң таануу – бул жашоону таануу!
Адамдын “аң сезими бала эненин курсагында жатканда кыйымлдап баштагандан баштап өөрчүй баштайт. Төрөлгөндөн кийин:
– 1 жаштан 7 жашка чейин дүйнөнү тааныйт.
– 7 жаштан 14 жашка чейин “аң сезим менен түшүнүп, бул дүйнөгө жашоого калыптанат.
– 14 жаштан 21 ге чейин акылы өсүп, интеллект калыптанат. Ар кандай нерсеге кызыгып үйрөнөт, окуп билим алат.
– 21 жаштан 28 ге чейин дене, акыл– эс, аң сезим бири –бири менен тыгыз байланышат. Айлана чөйрө, дүйнө менен болгон мамиле калыптанат.
– 28 жаштан баштап жашоо ар бир адамдын өзүнүн өнүгүүсүнө жараша болот. Өзү менен өзү иштеп, өзүнүн мүмкүнчүлүгүн пайдаланып өрчүтүүсүнө жараша жашайт. Материалдык жана руханий жактан тең өнүгүүнү өздөштүрө билсе, албетте, мээсинин эки жарым шары бирдей өнүгөт. Бир тараптуу өнүгүү албетте, дененин бир тарабына оорчулук келтирет дагы, тең салмактуулук бузулуп, жашоону кыйындатат. Материалдык дүйнөнү көбөйтүүнүн үстүндө иштеген адамдын жаны кыйналат. Ал эми руханий жактан кана өнүккөн адам материалдык жактан жабыр тартат. Ошон үчүн эки багытты тең алып барган ыңгайлуу.
Эгерде, адам өзүнүн “ким экендигин” түшүнүүнү каалабаса, анда ал адам “денеси менен жогорку аң сезимдин, космостук аң сезимдин ортосунда” калкып жашайт. Мына ушул убакта энергиянын агымынын өтүүсү начарлап, адамдарда физикалык денеде ар кандай ооруулардын пайда болушуна шарт түзүлөт, жашоодо ар кандай проблемалар келип чыгат. Ошон үчүн айланып, кыйынчылык менен өтүп жаткан энергияны кыймылга келтирип, иштетүүнүн жолу “өзүңдүн ким экендигиңди издөө, түшүнүү, таануу, кабыл алуу”.
Өзүңдү өзүң таанууну каалабасаң анда сен башкалардын башкарылуусуна оңой берилесиң. Жашоонун башка жагын көрүү мүмкүнчүлүгү өөрчүбөй калат. Мен мындай нерсени учурунда түшүнбөстөн жан дүйнөмдүн кыйынчылыгынан чыгуунун жолун издеп жүрүп бара-бара түшүнө баштадым. Менин жашоону ”түшүнүүгө” болгон кызыгуум өзүм “сезгенден” 14 жашымдан башталган. Ага чейин да өтө сезимтал болгондугумду эми түшүндүм. Себеби, көп таарынчумун.
“Таарынчаактык” – бул дагы өнүгүүгө түрткү берүүчү күчтөрдүн бири, эгерде изденүүгө, түшүнүүгө аракет кылсаң. Ал эми, тескери жагы болсо, адамды оорууга алып келет. Чындыгында, мен ошол өткөн кезде болуп жаткан окуяны кандайча болуп жатканын сырттан көрүп түшүп, өзүмдүн жасаган иш аракетимдин жыйынтыгы эмнеге алып келээрин алдын ала көрө алган болсом кайдан таарынмак элем. “Көрө-көрө көсөм болсун !“ – дегендей ал кезде тарынычтын нугун өзгөртүүнү билген эмесмин. Ошон үчүң, “таарынычымды” өз өлчөмүнөн көбөйтүп пайдаланып