жуумп көргөн пайдалуу. Бутуңду дарак сыяктуу жерге тамыр алдыр. Денеңди бош кой, ал энергия денеге кирсин, себеби канчалаган жылдар сени коркутуп башыңда ой менен коркутуп келет. Башыңдын ичин байка, мээнин кайсыл жагында кысылуу, сайгылашуу, ооруп кетүү байкалды. Көзүңдү жуумп, тикеңден туруп, бир калыпта дем алып дем чыгар. Денедеги кысылган сезимди кабыл алып, денеңди бош карма. Коркпо, болгону ал энергия, энергиянын коркунучу. Коркунучуң көп болсо денең титиреши дагы мүмкүн. Андай убакта колуңду көкүрөгүңө коюп, коркпо, бул энергия азыр чыгып кетет. Мен сени менен биргемин!– деп өзүңдү өзүң колдо, көкүрөгүңдү таптап – таптап кой. Акырындап бүт денеңди аралап колдун буттун учунан сыртка чыга баштайт. Төбөңдөн Алла Талаанын фиалетовый цвет же сирень гүлдүн түсүндөй нуру куюлуп түшүп, денең аркылуу өтүп, коркунучтун баарын жууп тазалап сыртка чыгарып таштады деп элестет. Ордуна “Жараткан Алла Таала мага жаңы программа киргиз “Мени кудай колдойт, мага жашоону жаша деп берген. Мен өзүмө өзүм жашоого уруксаат бердим! Кудай мени колдойт жана коргойт! Мен кудайдын коргоосундамын!”– деген программаны киргиз(телефонго жазып алып уксаң да болот). Мен тынч! Сен тынч! Ал тынч! Биз тынч! Дүйнө тынч! Аалам тынч! Кудай тынч! Мен өз жайымдамын! Сен өз жайыңдасың! Ал өз жайында! Биз өз жайындабыз! Дүйнө өз жайында! Аалам өз жайында! Кудай өз жайында!– деп көкүрөгүңө эки колуңду коюп, көкүрөгүң күндүн нуруна толду деп элестетип кой. Толгондо колуң өзү ал жерден алынат. Көзүң ачылып кетет. Мына ушинтип, өзүң түзгөн коркунучтан өзүң чыгып кетесиң. Баардык көзгө көрүнбөгөн денелериң менен байланыш калыптанат. Ал денелер жөнүндөгү маалымат ушул китепте жазылган. Эми, жаша! Адам баласы, кудайдан коркуу үчүн эмес жер бетине жашоо, жаратуу үчүн келген.
Мындан ары көңүлүңөргө жакпаган турмуштук көрүнүштүн баардыгына көңүл бөлүп, өзүңөрдү сырттан карап көргүлө. Аны жасаган ким? Албетте, аны моюнга алуу өтө кыйын, себеби “чындык” чычалатат. Бирөөгө ачык айта албасаң да, ичиңден кылган ишиңе өзүң таң каласың. Ошондуктан, жакшы нерсени кааласаң көңүлүңдү өзүңө жаккан жакка бур. Ал эми, жамандык ар дайым бут торойт, аны аттап өтүп кетүү үчүн алдын ала көрүп, болтурбай айланып өтүп кетүүнү билүү зарыл.
Ким жөнүндө кандай ойлондуң?
Эмнени көп сөз кылдың?
Эмнени өтө көп жек көрдүң?
Эмнеге каршы болдуң?
Кандай сөздөрдү көп сүйлөдүң?
Жыйынтыгы эмне болду?
Мен да көптөгөн адамдар сыяктуу эле убагында өзүмдүн сүйлөгөн сөзүмө өзүм маани бербей “тамаша”,– деп, керексиз сөздөрдү, кээде ашыкча сөздөрдү көп сүйлөп койчумун.
Сөз менен ар бир адам өзүнө өзү “чек” коюп, өзүн өзү “программалай” турганын түшүнгөн эмесмин. Өзүмдүн айткан сөздөрүмө жооп берген күндөр көп эле болду.
Андай нерсени ар бир адам өз турмушунан байкаса болот.
Өзүбүзгө өзүбүз “программа” түзүп алып, менин “айтканымдай болду”, деп мактанган кез ар кимде эле болот. Жамандыкты түзбөй, жакшылыкты