Техника канчалык өнүгүп өскөн сайын жаңы төрөлгөн наристелердин энергиясынын ылдамдыгы ошончолук жогору. Ал эми, адамдык сапаты ал баланын генине, канына, тарыхый жашоосуна, өзүнүн жекече өнүгүү деңгээлине жараша болот.
Жаны төрөлгөн наристенин албетте, жан дүйнөсү таза, ден соолугу чың болуш керек деп ойлойбуз. Бирок анын жаралышына кандай себептер болду аны эсепке алып,балалуу болууну пландаштырган адамдар өтө аз санда. Албетте жаңы төрөлгөн бала ал жаңы толкунда төрөлдү, тазаланып жаңы жашоого келди. Бирок кандай генде, кандай сезим менен төрөлдү, аны убакыт өтүп, жашоонун процессинде кана көрө алабыз.
Ошондуктан жаштардын жашоого болгон көз карашы ар түрдүү. Бирөөлөр ар кандай нерсеге кыйынчылыксыз тез арада жетүүнү көздөсө, кимдир бирөөлөр жашоосун кичинекейинен татаалдаштырып, баардык нерсенин “жаман жагын” өркүндөтөт. Ал эми, өзүнүн эмне үчүн бул жашоого келгенин түшүнгөндөрү болсо жашоонун жеңил жолун издешет.
Бирок турмуштан тажрыйба алуу дагы эле ар бир адамдын өзүнүн “тажрыйбасына” жараша болот. Жаш болобу,кары болобу, ал адамдын жашоосунун сапаты өзүнүн “информациялык талаасындагы маалыматына” жараша болот.
Балдардын тарбиясы туулгандан өзүнүн генинде, канында, денесинде, информациялык талаасында жазылган. Ошондуктан өзүңдүн тагдырыңдын кандай экендигин билгенден кийин балдардан чоң нерсени талап кылуунун кереги бар же жок экендигин ар бир ата-эне эске алуусу зарыл. Албетте, тарбия айлана чөйрөсүнө дагы таасирленет, бирок ички дүйнөдөгү бар нерсе эч жакка өзү эле жоголуп кетпейт. Ошон үчүн илгерки салттар жөн эле пайдаланылбайт.
“Ар бир адам милдети, кызматы – жаратууну үйрөнүү, жашоону үйрөнүп, турмуштан тажрыйба алуу!”
Адам баласы бул дүйнөгө келүү менен өзүн өзү ачып, мүмкүнчүлүгүн өркүндөтүп, пайдалана билүүгө умтулат. Бүгүнкү күнү, азыр, ушул мезгилде, ар бир секундада, учур чак менен жашоону үйрөнүү ар бир адамга жашоодо жеңилдик берет.
Себеби, учур чакта жашоо – жашоонун эң оңой жана оптималдуу жолу. “Учур чакта жашоо, өткөн жашоону, келечек жашоону тең салмакта кармап туруучу жашоо”.
“Өткөн жашоо” болбосо биз бүгүнкү күндө көп нерсени билмек эмеспиз. Ал эми “келечек жашоо” болбосо биз кайсыл тарапка умтулуп, кандай багытта жашоо керек экенин түшүнмөк эмеспиз. Максат, каалоо, тилек керек экенин, аны ишке ашырып жасоо керектигине маани берилмек эмес.
Ошондуктан “өткөн чак” да, “келечек” жашоо да, мына “азыр, учур чакта, бүгүнкү күн” менен бирге жашайт жана дайыма бири– бири менен тыгыз байланышта.
Аны ар бир адам “учур чак” менен жашап кана, сезими менен сезип, жытын жыттап, элеси менен кыялданып, даамын татып, өз колу менен жасап, айлана чөйрөсү менен биргеликте иштеп, кооздоп, көркөмдөп, өзү каалагандай жашоону түзө алат. Каалаган нерсеге жеткирүүчү, кыймылга келтирүүчү, биздин “секунда” сайын ойлоп жаткан ойлорубуз, учур