Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова. Читать онлайн. Newlib. NEWLIB.NET

Автор: Алымкан Камчыбековна Карбозова
Издательство: ЛитРес: Самиздат
Серия:
Жанр произведения: Здоровье
Год издания: 2019
isbn:
Скачать книгу
жыйынтыгы, сөздүн мазмуну – бул кубаттуу нур толкуну.

      Айтылган сөз аркылуу адам баласы өзүн өзү жашоонун б.а. токтун каналдарына, толкунуна улайт. Адамдын ден соолугу канчалык деңгээлде таза же кир болсо ошондой нур толкунга уланат. Себеби, сен өзүңдү ошондой акыбалда сезип, ошол мазмундагы сөздөрдү сүйлөп жатасың, Ааламга өз сезимиң менен жөнөтүп жатасың жана жашооң да дал ошондой акыбалда экендигиңди унутпа.

      Жаман ойлоп, терс көрүнүштү көп сүйлөгөн адам: “өзүнө”, “өзүнөн тараган укум – тукумуна” ооруу тартуулоо менен бирге, жеке турмушун бузууга шарт түзөт. Ошентип эле тим болбостон, өзүнүн келечегине, урпактарына жана мамалекеттик финансылык проблемалардын пайда болушуна, ар кандай кризиске учурашына, аба ырайынын бузулушуна чоң салым кошот. Ошондуктан ойлогон оюңа, сүйлөгөн сөзүңө маани берип, эмнени “учур чакта” талкуулап жатканыңа көңүл бөл!

      Себеби, бүгүнкү, азыркы, учур чакта өзүңдү дал ошондой сезип, өзүң түзгөн тагдырыңдын мөмөсүн, жемишин өзүң кана жеп, жашап келе жатасың.

      “Күнөөлүүнү издеп, же өзүңдү күнөөлүү сезүү” – бул пайдасыз иш. Бирөөнү күнөөлөсөң аягында өзүң күнөөлүү акыбалга туш болосуң, себеби сен Ааламга ошол информацияны бердиң, болгону жообун убакыт өткөндөн кийин көбүрөөк өлчөмдө өзүң кана аласың.

      Муну байкоо жүргүзгөн адам, өз турмушунан өзү эле түшүнө баштайт. Себеби, күнүмдүк жашоо турмуш, ушинтип эле күндө, “ар бир секунда сайын” көз ачып жумганча жаралып турат. Анан ал сенин тагдырың болуп жашооңо келет.

      Көнүгүү:

      Жаман ойлогон, сүйлөгөн адам жөнүндө кантип иштесе болот?

      Оо, жараткан кудай “Менин жанымды кечир?” _____(аты) мен жөнүндө жаман ойлоп, жаман сөздөрдү сүйлөгөндүгү үчүн.

      Оо, жараткан кудай, _____ (аты) мен жөнүндө жаман ойлорду ойлоп, сөздөрдү айткандыгы үчүн аны өз убагында кечире албагандыгым үчүн “Менин жанымды кечир?”

      Оо, жараткан кудай, мени өз убагында сөз кылып, жаман ойлогондугу үчүн “______(аты), анын жанын кечир?”

      Оо, жараткан кудай, мени өз убагында сөз кылып, жаман ойлоп өзүн өзү кечире албагандыгы үчүн ______(аты), анын жанын кечир?

      Мына ушундай тартипте ар бир адам өзүн өзү күнөөлүү сезимден куткарып, бири– бири менен болгон адамдар аркылуу чырмалышкан, тагдыры менен байланышкан көйгөйлөрүн чечсе болот. Бул сөздөрдүн маанисине терең түшүнгөн адамга, чоң жолдор ачылат, бири– бири менен чырмалышкан проблемалардын оңой, тез чечилишине шарт түзүлөт. Ошентип, көп жылдары жан кыйнаган, баш ооруткан жаман ойлордон арылса болот.

      Эмне үчүн айтылган сөз атылган октой иштейт?

      Ар бир эл адам учуру келгенде сүйлөгөн сөзүнө анчалык маани бербей, бир нерсени сүйлөш керек же бекерчиликте бекер кеп, деп ар кандай сөздөрдүн учугун улап бири – бири менен сүйлөшө беришет. Мына ушундай талкууга катышкан адамдар, талкуу жүрүп жаткан убакта ар кандай сезимде болушат. Ал айтылган сөздөр кимге таасирдүү, кимге анчалык маани бергидей эмес болсо дагы, учуру келгенде