Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова. Читать онлайн. Newlib. NEWLIB.NET

Автор: Алымкан Камчыбековна Карбозова
Издательство: ЛитРес: Самиздат
Серия:
Жанр произведения: Здоровье
Год издания: 2019
isbn:
Скачать книгу
образды өзүң түздүң, ал адам жөнүндө сенин түшүнүгүң ошондой. Сени менен сүйлөшүү үчүн ал адамдын денеси ошол кепилди убактылуу кийип алды. Демек, бул адамдын денеси “ийилчээктик” касиетке ээ. Сенден эки кадам бөлүнүп чыкты өзүнүн көнүмүш денесине кирип эч нерсе болбогондой болуп өз жашоосун уланта берет. Мындай адамдарды түшүнбөгөндөр “бул артист, белимчи, кошоматчы, оома, куулма, өтө куу адам” ж.б.у.с. кошумча аттка конот. Ал эми, сен ал адам жөнүндө башкача образ түзүп ойлоону билбейсиң. Себеби, сен түшүнбөгөн көп нерсе бар. Ал адамды түшүнүү үчүн сен дагы ошол адам катары заматта “көз боечудай” бир канча көйнөк алмашытырууга туура келет. Ошондуктан ал адам сен ойлогондон башкача адам болсо дагы, сенин жаныңа келгенде ошол кейпин киет дагы, сенин тилиңде сүйлөшө баштайт. Ошон үчүн башкага нааразы болоордон мурун, өзүңдүн “жаратканыңа” көңүл бур. Өзүңдү жакшы сезгиң келсе ал адам жөнүндөгү оюңду жакшырт. Эгерде ал адам өзгөрүүнү каалабаган адам болсо, убактытты текке кетирүүнүн кажети жоктугун туура түшүнүү зарыл. Жашооңдун ыңгайына карап өзгөр, көңүлүң сүйгөн адамдар менен мамиле жаса.

      Эми, сенин жекекче жашоого болгон көз карашыңды уккан адам кандай деңгээлде түшүндү, ошого жараша ал адамдын дүйнөсүндө сенин образың жашай берет. Ошон үчүн кээ бир адам сага болгон өзүнүн көз карашын, оюн өзгөртө албай кыйналат. Ийгилигиңе кубана албай, бир убакта өтүп кеткен жамандыгыңды эстеп, катып калган жараңды канатып чукуп, жаныңды кейитет. Же болбосо жасабаган нерсең үчүн күнөөлүү кылып айыптайт. Андай учурда “өзүңдү коргоп, актап жана сактоо” керектигин унутпоо керек.Андай убакта тамакты бууп турган “ күнөөлөгөн” сезимди чыгарыш үчүн сөз менен айтып, керек болсо катуу үн чыгарып урушууга чейин барууга туура келет. Ансыз маселе чечлибеген бойдон кала берет. Сен жөнүндө “жаман ойлогон адам” жаман оюн уланта берет. Ошондуктан, жакын мамилелеш адамдарыңар менен ар кандай келишпестиктерди сөз менен айтып, ал адамдын сен жөнүндөгү оюн угуп, эртерээк чечишип алган жакшы. Ошон үчүн кээ бир адамдын жанында тургуң келбейт. Убактыңды короткуң келбесе, алысыраак болгон дагы ыңгайлуу.

      Себеби, айтылган сөз качандыр бир убакта сенин оозуңдан чыккан же жакын мамилелеш адамдарыңдын ушак сөзүнөн улам кооздолуп, көркөмдөлүп келе жаткан нерсе. Аны өткөн чакта уккан адам ошол эски көз караш менен жашап келе жатат, а сен жашоо шартка жараша өзгөрдүң, жашоого болгон көз карашың заманга жараша ар тармактуу болду, акылың, билимиң өстү. Эми, сен өзүңдүн жашоого болгон көз карашың менен каалоо ниеттериңди көбөйтүп, окуп, үйрөнүп өзүң каалагандай жашап келе жатасың. Күндөн күнгө ойлогон ойдун образы, элеси күчкө толуп, өзүңдүн энергияң, ден соолугуң менен ошол айтылган сөздү күчкө киргиздиң, энергия сен аркылуу айланга тарады. Каалаган жашооңду жараттың. Сөздүн автору, булагы сенсиң. Ошентип, жыйынтыгы өзүң түзгөндөй тагдыр болуп келе жатат.

      Сөздү күчкө келтирип жандандырып, керектүү линияга, толкунга, токко улаган ар бир адам өзү. Ошон үчүн күнөөлүүнү издөөнүн же өзүңдү өзүң күнөөлөөнүн