Кетменчиден элчиликке чейин. Улукбек Чиналиев. Читать онлайн. Newlib. NEWLIB.NET

Автор: Улукбек Чиналиев
Издательство: Росмэн
Серия:
Жанр произведения: Биографии и Мемуары
Год издания: 2018
isbn:
Скачать книгу
деп кеңешүү эмес эле; бир максаттагы адамдардын чогулушу эмес, айыптоочулардын, сөз ташыгычтардын, күнөөлүүлөрдүн жыйналышы кылып алышыптыр. Чогулуш бүтөр-бүткөнчө балдарыңар андай, балдарыңар мындай деп, ата-энелерге балдарын жамандап, балдарыңарды тарбиялай албайсыңар деп айыптагандан башка тыңгылыктуу эч нерсе айтышкан жок. Балдар мугалимдердин көз алдында тил укпаган келесоо, баш бербес бейбаш болушту да. Ата-энелерин балдарына каршы күүлөшөт. Мугалимдин башкы максаты ушул беле? Кеп, балдарга илим үйрөтүүдө эмес, аларда илимбилимди сүйүүнү калыптандырып, окуганга себеп таап берүүдө эмеспи. Эч күмөнсүз, жакшы тарбия мына ушунда жатат”.

      Улуу агам кичүүлөргө чоң таасир берди. Ал сүрөттү жакшы тартчу. Искусствого жана так илимдерге кызыкчу. Анан чыгармачылык дээрин көргөн сүрөтчү кошунабыз Василий Владимирович аны өзүнө жардамчы кылып алды. Уран рудасы алынгандыктан эркин кирип-чыгууга жабык жана өзгөчө шарттамдагы тамак-аш менен тейленген Майлуу-Суу шаарында иштеш керек болду. Байкем бир чемодан момпосуй сатып алыптыр. Үйдөн ал чемоданды ачканда, биз суктангандан дем албай туруп калдык. Ар түрдүү момпосуйлар экен. Ликерлүүсү, жылтырак кагазга оролгон шоколад-дары бар эле. Сонун даамы, көрүнүшү бизди сонуркатып, тамшандырды.

      Анын эмгекчилдиги пахта тергенде да көрүнчү. Жетинчи класста окуп жүргөндө бир пахта терүү мезгилинде эки тонна жыйнаганы үчүн сыйлыкка татып, Москвага ВДНХга жолдонгон. Бирок саякатка кийип барганга кийим жок, сатып алганга каражат да жок болуп, барбай калган.

      Пахта теримге катышкан күндөрүбүз.

      5-класстан 11-класска чейинки окуучулар жылдын эки айында пахта теришчү. Ыңгайлуу шарт жөнүндө кыялдануу мүмкүн эмес эле. Бул алардын ден соолугуна таасирин тийгизбей койгон жок. Мектептеги билим берүү сапаты тууралуу эч ким ойлончу да эмес. Адатта колхоздун маданият үйүндө же мектептин маданий иш-чаралар өтүлүүчү залында, жерге жатчубуз. Бир дубалдын түбүндө балдар, бир дубалдын түбүндө кыздар, секиде болсо мугалимдер жатчу. Эртең мененки жана кечки тамакка үйдөн тамак-аш алып келчүбүз. Түшкү тамакты окуучулардын ичинен чыккан ашпозчулар даярдашчу.

      Чоңураак балдар алы жок кичирээктеринин тамагын тартып алып, арыздангандарын уруп салышчу. Түнкүсүн абал жашы жете элек кылмышкерлер кармалган жайдын жашоо шартына окшочу. Мугалимдерди өспүрүмдөр тоготушчу эмес. Пахта терүү маалы келгенде, пахтанын бышып жетилгенине жараша өзгөрүп турар күндүк чен-өлчөм коюлчу. Айтылбаган эрежелер катуу сакталчу. Аларды расмий коюлбаган жетекчилер коюшчу. Мына ушундайча чоңдордун жашоосуна кошулдук.

      Октябрдын жарымына жуук пахтанын кабыктары кургап, үстүңкү бөлүгү учтуу болуп калчу. Балдардын манжалары жабыркап, саргарып ириңдеп кеткенде лейкопластырь чаптап алышчу. Бул аларды жумуштан бошотчу эмес. Мунун азабын, өзгөчө денелик өзгөрүүлөрү жүрүп жаткан кыздар тартчу. Мындай учурда керектүү денелик камкордук көрүүгө санитардык шарттар