Айланабыздагы мал баккан туугандарыбыз менен мамилелешүүдө биз элибиздин улуттук салтын терең тааныдык. Аны менен бирге бийликтин терс тажрыйбасынын, эң жаман иштеринин элге таасирин көрүп-билдик. Күн кыскара баштады. Жайлоодогу күндөрүбүз соңуна жакындап, кете турган мезгил да жакындап келатты. Бат-баттан күн жашынып, тоо чокуларынан кара булуттар жылып келип, өрөөндө шамал удургуй баштады. Шамал аба ырайынын жаңы маалына жол ачты. Кар жаап салчу да, тоо кырларын ак мунарыкка чүмкөнүп калар эле. Жайлоодо өткөргөн күндөрдү эстесем, азыркыга чейин жүрөккө жылуулук уялайт. Денеге пайдалуу азыктар – кымыз, сүт, бешбармак, боорсок, каймак жана айран. Кол менен жасалгыс пейзажы менен көп жагынан бизге окшош Швейцариянын үрп-адаты, 400 жылдык тажрыйбасы боюнча сыр жасаганды үйрөнүүнү колго алсак кана. Бийик тоолордо биз эмгекчил, март жана чыдамдуу ата-бабабыз ээлеген жерди көрдүк.
60 жылдан ашуун убакыт өтсө да, арабыздан өтүп кеткен ондогон туугандарымдын бейнелери эсимде калды, көптөрүнүн мүнөзү эсимде.
Ата-энем – Кожомжар жана Мария (жаш кезин көргөндөрдүн айтуусуна караганда апам сулуулугу менен айырмаланган) тууралуу жазууга киришкенче көп убакыт өтүп кетти. Алардын мүнөздөрүн жазып калтыруум туура экенине бекем ынандым. Атамдын алысты көрө билгичтигин азыр ого бетер даана билдим, жашоонун улуттук түркүн түсүн көрбөсөк, ата-бабабыздын рухун боюбузга сиңирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калмак экенбиз. Дээрлик жарым бөлүгү бийик тоолордо жайгашканы менен мактана ала турган өлкө саналуу эле. Болгондо да анын 40%ы керемет жайлоо жана анын маанилүү бөлүгү бийик тоолуу жайыктар. Үй-бүлөсү менен, балалыгын эсине салган шарттарда, туугандарынын курчоосунда, таза абада жана дарылык касиети бар тамак-аш менен азыктанып өткөргөн убакыт атамдын күч-кубатын толук калыбына келтирди. Ал Карл Маркс атындагы колхоздун бухгалтеринин