Кетменчиден элчиликке чейин. Улукбек Чиналиев. Читать онлайн. Newlib. NEWLIB.NET

Автор: Улукбек Чиналиев
Издательство: Росмэн
Серия:
Жанр произведения: Биографии и Мемуары
Год издания: 2018
isbn:
Скачать книгу
тарбиялоо колдонулчу. Молдо узун сызгычы менен шалаакы, тынчы жок балдарды жазалап турган. Тестиер кезинде катаал ыкмалар көкөйүнө тийип калган атам өз балдарын эркелетип, мээрим, сүйүү менен тарбиялады. Он беш жашында айылган келгенинде айылдаштары жаңы гана мугалим болгон аны урматтап, Кожош Молдо дешчү экен. Советтик бийликтин бекемдеши менен диний ишмерлерге кысым күч алган. Алар артынан түшүп куугунтуктоолорго дуушар болушкан.

      Атам Фрунзедеги 1928-жылы эл агартуу институтунун базасында түзүлгөн педагогикалык техникумда окуусун уланткан. Анын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн арасында Абдылас Малдыбаев, Гапар Айтиев, Касымалы Жантөшев, Мукай Элебаев, Кубанычбек Маликов, Жоомарт Бөкөнбаев жана Алыкул Осмонов болгон. Булардын баарынын республиканын маданиятындагы ролу зор мааниге ээ.

      Техникумда Татарстандан келген мугалимдер аз эмес эле. Кожомжар ата профессор Абзалов тууралуу өмүрүнүн акырына чейин көп эскерип жүрдү. Ал Орусия мамлекетинин тарыхын терең билген абдан кызыктуу лектор болгон экен. Окуунун башында эле студент Чиналиев кетментөбөлүк экенин билип, Абзалов алдын ала мындай деп айткан экен: Нарын, Узун-Акмат жана Чычкан дарыяларынын кошулушуна плотина, гидростанция курулуп, түшүмдүү өрөөндү бүт бойдон суу каптай турган мезгил келет.

      Улуу агам Автандил биринчи жолу бул тууралуу атамдан 14 жашында, 1956-жылы, Токтогул ГЭСинун курулушу баш-тала электе уккандыгын эстечү. Кыргыз, орус, араб, өзбек тилин билгендиги, ак көңүл, тазапейилдиги менен атам Токтогулда болобу, Жалал-Абадда же Сузакта болобу, аны менен бир убакта жашап, бирге иштеген баарынын сыйурматына татычу. Меккеден араб тилинде кат алган жергиликтүү тургундар которуп берип, кайра жооп жазып бериши үчүн, айныбай туруп атама кайрылышчу, кол жазмасы да кынтыксыз сулуу болчу. Аны урматтоо менен Кожо аке деп аташканы кокусунан эмес эле.

      Атам кайсы бир мезгилде Өзбекстанда окуп, иштеген. Кошуна элдин тилин эле эмес, маданиятын, каада-салтын да жакшы билчү. Өмүр бою аларга сый мамилесин сактап, алардын эмгекчилдигин, жерге болгон мамилесин, улуула-рын урматтап, кичүүлөрүнө ызат көрсөткөнүн сылыктыгын белгилеп айтар эле.

      Бир нече тилди билген, бала күнүнөн кыргыз, өзбек, татар педагогдору менен чогуу окуп, тыгыз мамилелешкен адам болгондуктан, ар кандай этникалык топторго, башка ишенимдегилерге ак пейилден урмат менен мамиле кылууну жашынан эле өзүнө сиңире алган. Ушул себептен бол-со керек, жубайы кайтыш болгондон кийин, экинчи ирет орус кызы Мария Дятловага үйлөнгөн.

      Мария Дятлованын чоң атасы Василий Иоаникович Москвада боёчу мануфактурага (өндүрүштүн бир түрү) ээлик кылчу. Бул тууралуу Москва шаарынын тургундарын 1905-жылга карата каттоого алуу китеби күбөлөндүрөт. Өзүнүн менчик үйү болгон. Уулдарынын бири, апамдын болочоктогу атасы 1904-1905-жылдардагы орус-япон согушуна катышкан, Порт-Артурду коргогон. Анын ысмы Ардак Китебине киргизилген. Согуштан кийин ал Москва жандармериясында (аскердик түзүлүш) кызмат кылган. 1913-жылга карата жазуулар китебинде мещан аймагындагы 3-полициялык чектин