Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова. Читать онлайн. Newlib. NEWLIB.NET

Автор: Алымкан Камчыбековна Карбозова
Издательство: ЛитРес: Самиздат
Серия:
Жанр произведения: Здоровье
Год издания: 2019
isbn:
Скачать книгу
Бирок жасаган эмгек, алган билим, өзүңдү өзүң кайра тарбиялоо, “өзүң менен өзүң дайыма иштөө – бул ден соолук экендигин бара-бара түшүндүм. Ал эмгегим мен үчүн күндө күнгө берекелүү, кубанычтуу мөмөсүн берип келе жатат. Мурда өзүмө өзүм нааразы болуп жашасам, азыр ар бир жасагам ишиме ыраазы боло баштадым, себеби ыраазычылык билдирүү менен өз жашооңду калыптандырасың.

      Ар бир адамда дайыма эки жол бар. Каала, “көнүмүш жашоо” менен жаша, өзүңдү өзүң кажып, сезимиңди начарлатып, нааразылык менен өмүрүңдү кыскартып тезирээк “өлүмгө” бар. “ Каала, өнүгүү-өсүү жолун тандап, жашоонун кызыктарын башыңдан өткөрүп ыраазы болуп жаша! Чечим” кабыл алуу дайыма өзүңдөн!

      Аракет кылсаң , албетте ийгилик болот.

      “Аң сезимиңердин жогорку деңгээлде болуусун ниет кылуу” – эң туура жол деп эсептейм.

      Өзүңдү өзүң колдоп, күчтөндүрүү менен кана ден соолуктугуңду өзүң менен кошо алып жүрө аласың. Ал сенин өзүңө болгон ишенимиңе жараша болот.

      Эмнеге көнүгүүлөрдү жасоо керек?

      Баардык нерсе мээнин активдүү иштешине жараша болот. Ал үчүн мээ ден соолукта болуусу зарыл. Ошондукта көнүгүүлөрдү окуп бара жатып жасап кетүү пайдалуу, себеби, биринчи алган маалымат таасирдүү болуп, денеге тез жардам бере алат.Башкача айтканда мээдеги нейрондордун активдешине көмөк көрсөтөт. Ал нерсе эмоционалдык сезим менен тезирээк жакшы жагына өзгөрөт.

      Мээнин активдүү иштеши үчүн сунуштар:

      Бул нерсе, мээнин оң жарым шары менен сол жарым шардын ден соолукта иштөөсүнө өбөлгө түзөт.

      1.Суроолорго тамашалуу , өзүң кааланагдай жооп берүү. Албетте, шартка жараша пайдаланганды билүү менен. М: Иштериң кандай? – деп сураганда “жакшы” деген көнүмүш жооптун ордуна, эки колуңду куш канатындай каккылап , “укмуштай” десең болот. Жылмайып күлүп, колуң менен бийлеп, жашоодон ырахат алып жаткандай белги берсең дагы болот. Же тексери жооп айтсаң да болот, бирок маанисине карап. Жооп табуу үчүн ойлоносуң, мээ ойлоно баштайт.

      2. Жаңы жыт. Мурда жыттабаган духинин жыты, эфирдик май, ар кандай гүлдүн жытын жыттоо. Эртең менен турганда жыпар жыттуу жытты жыттап, мээни ойготуу.

      3.Жумулган көз. Кечинде көздү жуумп алып светти өчүрбөстөн комнаталарга кирип, кайсыл жерде эмне турганын көңүлдү коюу менен билүү, бул концентрация кылганга жардам берет. Ошондой эле көздү жуумп алып, дене тазаланып жаткандыгын элестетип жуунганда, органдардын иштеши активдешитирилип, сезим жакшырат.

      4. Колду алмаштырып иштетүү. Эгердо оң кол менен тишиңди тазаласаң, сол кол менен тазалап көр, оң кол менен жазсаң сол кол менен жазып көр. Компьютердин мышкасын оң кол менен кармасаң сол кол менен кармап үйрөн. Эми, сезимди көз ачып жумганча кантип жакшыртууга болоору жөнүндө кайрадан көңүл бөлүп көрөлү. Ал үчүн мурдагы мисалды пайдаланбыз.

      Атанын балага болгон жаңы оюна, көз карашына кайрадан көңүл бөлөлү .

      Мисалы: Менин балам күчтүү. Ден соолугу чың. Россияга өзүнүн жашоо шартын жакшыртуу үчүн кетти. Акыл– эси жайында, көп нерселерди үйрөнүп, жашоого тың, үй-бүлөсү үчүн кам көргөн