Себеби, ал бала “учур чактагы сезими” менен ошол энергияны өз денеси менен сиңирип, чачыратты. Ал эми тууган уругу ошол терс энергиянын кубаттуулугун күчөтүп, баланы дагы алсыратты.
Ошондуктан, өзүнүн ички сезими кандай болсо, “тартылуу күчүнүн” жардамы менен дал ошондой чөйрөдөгүлөр менен дос болуп, ошондой окуялардын күбөсү болот б.а. “учур чакта” өзүн кандай сезсе, достору, айлана чөйрөсү ошого жараша болот.
Калганы түшүнүктүү да. Ал эми мүнөзү боштору өзүн көр жемеге салып, кейикчел болуп, ачык сүйлөбөй, кыжаалатчылыгын ичинде сактап “боор оорууга” чалдыгат, ишке жарамсыз болуп ичеги карын ооруулары күчөй баштайт.
Албетте омурткада проблема көбөйөт. Көкүрөк, бел омурткалары энергияны өткөрүүнүн кубаттуулугун начарлатат, канды коюулантат. Кан коюлганда адам аны суюлтуу үчүн ачуу нерсе ичкиси же жегиси келет. Денеси шалдырап оор жумушка жарамсыз боло баштайт. Алсыз, эрки бош адам, ал боштукту тамеки же алкоголдук ичимдик менен толтурат.
Акчанын энергиясы бул – ден соолуктун энергиясы, бул жашоонун энергиясы, сексуалдык энергия. Айрыкча дененин киндиктен ылдыйкы бүт органдарына, буттардын активдүү иштеөөсүнө чоң таасир берүүчү энергия. Демек, бел курчоодон төмөнкү органдардын иштөөсүнө чоң таасир берүүчү чоң күч.
Бул деген учур чактагы финансылык, материалдык акыбал, бүгүнкү күндөгү жашоо. Адамдар менен Аалам менен болгон мамиле, байланыш. Демек ден соолуктун начарлашына алып келет. Ошон үчүн эч качан өзүңдү өзүң өлтүрүүгө же башкалардын ой пикрине көз каранды болбогонго аракет кыл. Күч өзүңдө.
Эми суроо: “Эмне үчүн жашап жаткандыгыңды билесиңби?
Жашоонун маңызы эмнеде?
Жашоонун маңызын кээ бир адам төрөлүп, тили чыгып сүйлөй баштагандан баштап эле жашоо керектигин түшүнүп өзүнүкүн туура деп өзү каалагандай жашагысы келет. Андай балдарды жакындары– бул “кежир, кыйык, айтканынан кайтпайт”– деп түшүнөт. Андай жаш өспүрүмдөрдүн ал аракетин түшүнүп, көмөк көрсөтүүнүн ордуна ата-энеси, өздрүнө ыңгайлаштырып алышат. Бара бара балада нааразылык көбөйөт. Себеби, анын айтканындай жашоосу болбой жатат. Көпчүлүк ата-эне баладан “эмне каалайсың?” – деп сурабайт. Ошентип ич ара келишпестиктер көбөйөт.
Ал эми кээ бир тил алчаак, ар кандай нерсеге макул болуп, өзүнөн башканыкын туура деп жашаган адам 70-80 ге чыкса дагы үмүт менен качан жакшы жашоо болоор экен деп күтүп жашайт. Жашоо мына ошонусу менен сырдуу. Ал ар кимдин ачылбаган сыры. Ар кимде ар кандай жашоо шарт, турмушка карата өзүнүн ою, жашаган тажрыйбасы бар. Эгерде ушул кезге чейин жашоонун маңызы эмне экенин түшүнө албай жүргөн болсоң өзүңө өзүң суроо бер.
– Жашоонун маңызы эмнеде? – бул суроону кайра– кайра өзүңдү канаатандыраарлык жоп алганча