Жаман ойдон арылуу үчүн көнүгүү
Эгерде тынымсыз “жаман ойлор” келе берсе, анын агымын бузуу үчүн же уюлган кара туман ойду жандырып өзүңө жаккан жашоого буруу үчүн төмөнкү көнүгүүнү жасагыла:
Денени бош коюп, эки колду жогору көтөр, көктү (асманды) каратып, анан ой менен же сөз менен “Мына, азыр ушул көз ирмемден баштап жаман ойлорду ойлоодон баш тартамын! Болду жетишет !”, “Токтот!”,”Токтоттум!” деп эки кол менен саат жебесинин тескери айлануусу боюнча бир канча жолу колдор менен булгалап, жаман ойду бузуп сал. Жаман ойго сага келгени үчүн ыраазылык билдир. Ордуна жаңы ойлорду киргиз, ойлон. Адатка айлант.
– Мага келген жаман ойлор силерге турмуштан тарбия бергениңерге ыраазымын! Мындан ары сага кызмат кылуудан баш тартамын!
– Мен позитивдүү ойлоону тандадым!
– Мен жаратууну, жакшы заманды жаратуунун жолун тандадым!
– Мен Алла Талаанын, кудайдын мага берген жыргал жашоосун, кубанып, сүйүп, эмгектенип, жаратып жашоо жолун тандадым! Бирок, ар кандай ойлор адамга жөн эле келе бербейт, ал сенин жан дүйнөңдөгү акыбалыңа жараша болот. Ошондой эле кимдин жанында акыбалың кантип өзгөрдү? Аны дагы эске алуу керек. Мүмкүн ал сенин жаныңда сүйлөшүп жаткан адамыңдын акыбалың болушу дагы мүмкүн. Ошон үчүн сезимиңди текшерип туруу зарыл. Эгерде бүгүнкү күндөгү акыбалың, жашоо шартың өзүнө жакпаса, анда ”өзүң менен өзүң иштөө” пайдалуу.
Аң сезим менен түшүнүп өзүң менен өзүң иштө арам, терс ойлордун толкунун бузат, таркатат. Кээ бир адамга көзүн жуумп караса булут сыяктуу, же кара түтүн сыяктуу көрүнөт, агы дагы, карасы дагы бул топтолуп уюп калган ой толкуну. Аны таркатуу керек. Адамда “тең салмактуулук” бузулганда же ак ойдун толкуну көбөйүп кетет же кара ойдун толкуну өз нормасынан жогорулап кетет. Ал же алдыңа келген жакшы же жаман нерселерди кабыл ала албай, энергияны өз денең аркылуу өткөрө албай жаткнадыгың болуп эсептелет. Биздин максат, силер менен биргеликте “ак менен караны” тең салмактуулукта пайдаланууну үйрөнүү, б.а. өзүңдүн күчүңө өзүң ишенүү, өзүңө өзүң тең салмактуулуктун өз нугунда иштешине уруксаат берүү. Ал деңгээлге жетүү үчүн өзүңдү тарбиялоо менен беш сезимиңди өзүнүн калыбына келтирүү керек.
Мындан коркуунун кереги жок. Жаман ой да, жакшысы да өз нормасынан ашканда терс таасирин тийгизет. Ошон үчүн баардык нерсени өз нугунда, өз учурунда пайдаланууну үйрөнүү ар бир адам үчүн керек.
Аны – ар ким өз жүрөгүн угуу менен, сезиминде туюуу менен билет, калыбына келтире алат.
Баардык нерсени өзүң жасагансың, аны кайра эле