Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова. Читать онлайн. Newlib. NEWLIB.NET

Автор: Алымкан Камчыбековна Карбозова
Издательство: ЛитРес: Самиздат
Серия:
Жанр произведения: Здоровье
Год издания: 2019
isbn:
Скачать книгу
иштегендер терең түшүнүүсү зарыл. Эмненин үрөнүн сепсең ошону кана көбүрөөк өлчөмдө аласың. Маалымат ким аркылуу тараса ошол адам ал маалыматтын булагы болуп эсептелет. Ошон үчүн өзүңдү эле ойлобостон мураска каның, гениң аркылуу урпактарыңа кандай жашоону берип жатасың эртерээк ойлон.

      Ошондуктан, алыста жүргөн тууган урук, бала чакаң үчүн жакшы ойлорду ойлоп, “сүйүп мээримиңди” жөнөтүү – бул ар бир адамдын өзүнүн ден соолугун өзү сактоого көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.

      Эмнеден корксоң ошону магнит сыяктуу тартасың. Эми, сага кандай ойлор келсе өзүңдү жакшы сезээр элең?

      Ой менен иштөөнү үйрөн… Ал эми ой бул – ден соолук,жашоо, тагдыр. Баардык нерсе ойдон башталат. Ой бул– пульт менен башкарылуучу нерсе, эмнени ойлосоң ошол каналга уланасың. “көңүлүң” сенин башыңдагы пульт. Оюңа эмне келсе сен ошол каналга уланасың. Аны өзгөртүш сенин колуңда.

      Ошон үчүн, жакын адамдарыңдын жакы сөзү же жалпы эле турмуш жөнүндө жакшы нерселерди ойлоо жакшы натыйжа берет. Жакшы ниет жарым ырыс дегендей ниетиңер бири-бири-ңерге түз болсун. Эмнени Ааламга жөнөтсөң ошону кана аласың. Бирөөнү кандай ойлосоң, ошол ойлогон адамың сага дал ошондой мамиле түзөт. Заматта автоматтык түрдө ар бир адам сезими менен эле ошол толкунга уланып, өзүңдүн акыбалыңды өзүңө чагылдырат.

      Мамилелеш адамдарыңар менен болгон байланыштан кийин өз сезимиңерди байкап көргүлө, ошондо бул сөздөр мындан дагы түшүнүктүү болот жана бул “ой жөнүндөгү” өтө баалуу практика болот. Ойдун денесин чыңдайт б.а. өз оюңа өзүң кожоюн боло аласың, оомалыктан кутуласың. Ар бир адам өзүнүн турмуштук тажрыйбасын өзү топтоого тийиш, антепесе жашоонун өнүгүү, өсүү “этаптарынан” өтө албай, бир ордунда тыбырчылап айланпага туш келген сыяктуу айланып тура берет. Ал жөнүндөгү түшүнүктөрдү материал менен толук таанышсаңар табасыңар.

      Жогоруда айтылган сөздөрдү түшүнүү үчүн албетте, турмуштук өзүмдүк тажрыйба керек. Бул нерсе, бүгүнкү күндө кээ бир адамга кызык болсо, кээ бир адам үчүн “туфта”, “фуфло” же айрыкча азыркы мезгилде окууну, өнүгүүнү каалабаган жаштарга китеп окубоо “мода” болсо, кээ бир жаштар “биз китеп окуган жигиттер же кыздар менен сүйлөшпөйбүз!” деген шылтоо, актануу, өзүн өзү алдоо менен жашаган сыяктуу…

      Бул деген нерсе, аң сезимдин “парличине” алып келет. Мээ кыймылсыз болгондон кийин тез картаюу, ооруу күчөп, өлүмгө тез алып келет. Ошон үчүн кээ бир жаштар өнүгүүнүн ордуна, өлгөндү оңой көрөт. Өлүм менен эле адам жаны кайра жашабай тургандай түшүнүшөт. Коркунучу күчтүү адамдар жашоого жөндөмсүз болуп ар кандай терс окуялардын себепчиси болоору анык.

      Ал ар бир адамдын тандаган жолу.

      Ким кандай жол тандаса, ал адам үчүн тандаган жолу туура жол болуп эсептелет. Бул жашоодо басып өтө албаса, келечек жашоодо дагы ушул кезге келгенде тоскоолдуктар башталат. Ошон үчүн ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, алдыга жылуу эң сонун турмуштук тажрыйба берет. Ар кандай “коркунучтан” өтүү , кыйынчылыктан өтүү адамды чыйралтат, ден соолукта болуусуна