Кетменчиден элчиликке чейин. Улукбек Чиналиев. Читать онлайн. Newlib. NEWLIB.NET

Автор: Улукбек Чиналиев
Издательство: Росмэн
Серия:
Жанр произведения: Биографии и Мемуары
Год издания: 2018
isbn:
Скачать книгу
болуп кесилген, азыр мындайлар жок. Тиги дүйнөгө узап кеткендер бизге тирүү көздөрү менен тиктеп турушат. Атаэнемдин жүздөрүнөн ой токтолгон, жөнөкөйлүктү жана ак ниеттикти көрүүгө болот. Биздин үй-бүлөнүн таржымалын атамдын айтуусунан билем: чоң атабыз Бикеев Чыналы 1855-жылы төрөлгөн, 1855-жылдан 1876-жылга чейинки эки он жылдыкка созулган Кыргызстандын Орусияга кошулуу доорунда жашаган.

      Мамамдын алдында кичүү иним Сергей, жанында Олег атам экөөнүн ортосунда. Жогорку катарда солдон оңго: Улукбек, Тариэл, Автандил. Токтогул, 1959-жыл.

      Кошулуу узакка эле созулбастан, татаал, карама-каршылыктуу, тынчтык менен да, күчкө салуу менен да, аскерий да болгон. Бул Кокон хандыгы, Цин империясы жана Орусиянын ортосунда жайгашкан Кыргызстандын стратегиялык жактан маанилүү болгон геосаясый абалынан улам болгон. Орусиялык (же империялык) бийлик кыргыздарды Орусия мамлекетинин курамына тынчык менен кийирүү үчүн жакшы эле күч жумшашкан. 1864-жылдын май айында Чүй аймагындагы отряддын башчысы полковник М.Черняев кыргыз манаптарына достук мамиле түзүү сунушу менен кат жөнөткөн. Ошол эле жылдын 24-декабрында кыргыздын саяк уруусу Орусиянын букаралыгын алууга өтүнүч жиберишкен:

      Атам Чиналиев Кожомжардын өз колу менен жазылган ата-тегибиздин санжырасы.

      «Манаптын саяктарды Орусиянын курамына кабыл алышын сураган өтүнүчү.

      Саяк уруусунун манабы Рыскулбектин өтүнүчү.

      Чүй аймагындагы отряддын башчысы M.Г.Черняевден саяктарга Орусия букаралыгын берүүнү сураган өтүнүч.

      Ак-Мечеттин, Түркстандын, Чымкенттин, Пишпектин жана Токмоктун башчыларына.

      Таазим кылуума күбө өтүү менен суранам: «Мен, Рыскулбек, Анжиян менен Кетмен-Төбөнүн ортосунда көчүпконуп жашаган 9000 түтүн саяк уруусун башкарам. Ушул катта өзүм башкарга эл менен кошо Ак падышанын букаралыгына өтүүгө каалоомду билдирем. Бул өтүнүч кабыл алынса, мага билдирип койсоңуздар, мурдагы көчмөндүк жеримде жашоомду улантып, падышага жана силерге кызмат кылам. Кетмен-Төбө жери эзелтен бери мага таандык жана мен ал жактан эч жакка көчпөйм. Сарыбагыш менен Солто 2 жылдан бери мени кысымга алышууда. Эгерде сиздер кат жөнөтсөңүздөр, алар мени кысымга алууга даай албай калышат.

      Кат чындык экенин ырастоо менен обер-квартирмейстер полковник Бабков».

      Кыргыз жерлери Орусиянын курамына киргенден кийин феодалдык келишпестиктер, үй кулчулугу жоюлуп, уруулук бөлүнүүлөрдүн эски калдыктарына катуу сокку урулду. Кыргыздар XX кылымга чачыранды, бөлөк-бөлөк болуп, өз мамлекети жок кирди. Кылымдын ортосунда ээ болушкан мамлекет түптөө тажрыйбасын жоготуп алышты. Кыргыздардын тагдырында кескин өзгөрүүлөр советтик бийлик орнотулгандан кийин болду.

      Атам – Чиналиев Кожомжар азыркы Жалал-Абад областынын Токтогул районунун, мурдагы Кетмен-Төбө районунун Мазар-Суу айылында сарттар уруусунун бийи Бикеев Чыналынын он үч баласынын онунчусу болуп төрөлгөн. “Бий”