– Жок, мени өлдү деп ыргытып ийишти, атамдарды өлтүрүп кетти, – Кыз калчылдап жатып зорго сүйлөдү.
– Чай ичип алчы, же суу берейинби? – деп Гүлбахар кыздын маңдайына келди, – Коркпо, эч ким көрбөсө болду.
– Биякка келбейби?
– Келбейт. Кел, мындан ичип алчы, – Суудан жуткуруп, ичкериден халат алып чыгып кызга кийгизди, – Атың ким?
– Мукарам.
– Коркпо кызым, эч ким келбейт.
– Корком, атам менен апамды… – Кыз колдору калчылдай ыйлап жатты.
– Эмне кылабыз кызым, ушундай болот деп ким ойлоптур, бейкут жаткан элге кандай ниети бузуктар чагым кылганын ким билет, – Карим оор күрсүнө отуруп калды. Көрсө ата-энесин, агасы менен жеңесин өлтүрүп бир зөөкүрү Мукарамды зордуктап анын эси ооп калганда өлдү деп ойлоп ыргытып ийип кетип калган экен. Ата-энесинин өлгөнүн өз көзү менен көргөн кыз түнү менен жөөлүп, эти ысып таң атканча Гүлбахар карап жатты. Эртеси кечке эчтеке ичкен жок, эси чыгып калыптыр, үч-төрт күн өткөндөн кийин:
– Иним бар эле, эжем экөө кайда кеткенин билбейм, – деди.
– Чогуу белеңер?
– Ооба, коркуп тоого качып кетмек болгонбуз, күндүзү эле келишти.
– Кыргыздар келдиби?
– Жо-ок, өзбектер экен.
– Силер кыргызсыңарбы?
– Атам кыргыз, апам өзбек болчу.
– Шүмшүктөр десе…
– Эжемдерди да өлтүрүп коюшту го, эже?
– Ким билет кызым, алар да бир жерде жашынып калгандыр.
– Тирүү болсо экен, мен жападан жалгыз каламбы, үйүбүздү болсо өрттөп жиберишти, согуш качан бүтөт? – Көздөрүн жалжылдата Гүлбахарды карады.
– Бүтөт кызым, тынчтык болот, сен дагы чоңоесуң, – Мукарамды сооротуп башынан сылады, – Эжең менен иниңди табасың, өкмөт кам көрөт.
– Атамдар өлүп калбадыбы, мени зордуктап коюшту, эми кантем?
– Баары унутулат, эч кабатыр болбо.
– Унуталбайм го, атам менен апамды көзүмчө кордоп өлтүрүштү.
– Тагдыр ушундай экен да кызым, бул жакты кантип таптың?
– Мен алар кеткенден кийин туруп апамдарды карадым, аларды өрттөп ийишиптир, анан башым оогон жакка баса бердим, өрттөнгөн үйлөрдүн ичине жашындым, кеч киргенде сиздердин жарыкты көрүп келдим.
– Жакшы кылгансың, эми эртеңден баштап сени подвалга бекитейин ээ, дүкөндөр өрттөнүп, эшикке чыга албай тамак ашыбыз да түгөндү, кокус бирөө жарым келсе сени көрбөсүн.
– Макул, – Мукарам улутуна отуруп калды.
Айткандай эле эртеси алардын үйүнө беш-алты өзбек келди, Карим менен сүйлөшүп түн ичинде кайра кетти. Бирок эч нерсе дебеди. Ошентип Ош шаары будуң-чаң түшүп, өрт жыттанып турду, согуш басылып чоңдор келип элди ынтымакка чакырып, бузулганды түзөмөк болуп, качкан элди чогулта баштады. Жетим балдарды, кароосуз калгандарды убактылуу жайларга жайгаштырып кайрадан куруу иши башталып тынчтык өкүм сүрө баштаганда Азатты Шухрат туугандарын ээрчитип келип алып кетмек болду. Карим менен Гүлбахарга