Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова. Читать онлайн. Newlib. NEWLIB.NET

Автор: Алымкан Камчыбековна Карбозова
Издательство: ЛитРес: Самиздат
Серия:
Жанр произведения: Здоровье
Год издания: 2019
isbn:
Скачать книгу
иштетүүнү билемин!».

      «Мен өзүмдүн оюма өзүм кожоюнмун, себеби келген ойду кантип пайдалуу иштетүүнү билемин!»

      [А] Кудай ден соолукта! Кудай өз жайында!

      Эмне үчүн кайталоо керек?

      Себеби, бул сөздөрдү дене “жан дүйнө” менен кабыл алуу үчүн, жана “аң сезим менен түшүнүп”, жан дүйнөңдү тынчтантып, ден соолукту чыңдоо үчүн үч жолудан жогору кайталаса болот. Кайталоо менен жаңы программаны “жан дүйнөгө “ – сиңиребиз жана “ишенимди” бекемдейбиз.

      Эми, андан да жеңил жолу психолог, психотерапевдер тарабынан далилденип жолго салынган методду пайдалансак болот. Ал төмөнкүдөй:

      Мен, ________(атың), ден соолуктамын, себеби мен өз денемди кантип укканды жана пайдаланууну билемин !

      Сен, ________(атың), ден соолуктасың, себеби сен өз денеңди кантип укканды жана пайдаланууну билесиң !

      Ал, _________(атың), ден соолукта, себеби ал өз денесин кантип укканды жана пайдаланууну билет!

      Башкалар “ден соолукта, себеби, башкалар өз денесин кантип укканды жана пайдаланууну билет!”

      Мен,_______(атың), өз жайындамын, себеби өзүм менен өзүм ынтымактамын!

      Сен, ________(атың), өз жайындасың, себеби өзүң менен өзүң ынтымактасың!

      Ал,_________(атың) өз жайында, себеби өзүң менен өзүң ынтымактасың!

      Биз өз жайындабыз, себеби биз баардыгы менен ынтымактабыз, биргебиз!

      Дүйнө өз жайында, себеби баардыгы дүйнө менен ынтымакта! Аалам өз жайында, себеби баардыгы бири-бири менен ынтымакта!

      Кудай өз жайында, себеби, өзүм менен өзүм ички жана сырткы дүйнөдө ынтымактабыз, биргебиз!

      Мына ушундай тартипте ар бириңер өзүңөргө жаккан сөздөрдү кайталап “терең түшүнүү менен” өзүңөргө жаңы программа жасап, сиңирип алсаңар болот. Бул сөздөр ден соолукта болууга өтө чоң жардам берет, чачыранды болгон энергиялар топтолот.

      Ар кандай “мага жаккан” нерселерди “каалоо”, “максат коюуу” жана “жасоо” үчүн өзүмдүн жашоомдун жакшырышы, ден соолугумдун чың болушу үчүн “өзүм” кана “чечим” кабыл алам.

      “Башкаруу – менин колумда!” Себеби, мындан ары мен өзүм кана “Өзүмө кожоюнмун, кандай ой мага керек экендигин ачык, так, даана билемин!” Керектүүсүн кабыл алам, керексизин өз учурунда өчүрөмүн!

      Өзүн өзү башкарганды билген адам кана башкаларды башкарууга жөндөмдүү экендигин түшүндүм. Өзүнүн ички дүйнөсүн өзү башкара билген адам, сырткы дүйнөдө башкаларды башкара алат, себеби Жараткан, кудай менен түз байланышы калыптанган акылман адам. Андай адам “өзүнө ишенип, башкалардын башкаруусунда калбайт, эмне кылаарын так жана ачык билет.

      Дайыма кайталанып келе берген ойлорго, өзүмө өзүм суроо берем:

      “Бул менин каалоомбу же мага башка бирөөлөр таңуулап жатабы?” “Мен эмнени каалайм?” ,”Анын түсү кандай?” “Кайсыл жеримде турат?– элестетем, ал түстү кабыл алам, ыраазы болуп жарык күн нуру менен жууп салам!” Эми, “Кандай жашоодо жашасам кубанычта, ден соолукта жашай алам?” Элестетем, сезимимди жакшыртам. Ушундай тартипте суроо берип, окуп бара жатып эле, түшүнгөнүңөргө жараша иштеп бара берсеңер болот.