Ал эми, бул этаптан өтүү үчүн “өзүңдү өзүң сыйлап, колдоп, сүйүүнү “ үйрөнүү керек. Аны кантип жасоо керек десең, ал этап дал ушундай сөздөрдү айтып, ойлорду ойлоо менен башталат. Өзүңдүн жаратылышынан, туулгандан бар күчүңдүн касиети ойгонот.
[А] Мен, Сен, Ал, Биз, Дүйнө, Аалам, Кудай тынч!
Кандай ойлорду көп ойлойсуң?
Байкоо жүргүзөбүз:
Ооруунубу? Же ден соолуктубу? Өзүмдү кандайча сезем? “Оң жакка барсамбы же сол жакка барсамбы? Же акылымды башкарып, жүрөгүмдү уксамбы?
“Сезимиңде сезгениң” – бул чын жүрөктөн ойлонгонуң, Алла Таалага жөнөткөн ниетиң, каалооң, сезимиң, нуруң, сигналың.
Төмөндөгүдөй ойлор көп келеби?:
Акчам жок, кантип тирилигим өтөт?
Ар жерим ооруйт, рак болуп калдым окшойт
Карызым көп, кредитти, ипотеканы кантип төлөйм?
Чындык жок, акча бербесең чечилбейт
Теңчилик жок, алдап койсочу?
Мага жакшы жашоо буйрубаган
Кудайдан корком, кудай жазалайт?
Өлүп калат окшойм? Өлгөндөн корком
Уурдап кетпесин, азыр ууру көп
Алым, күчүм жок. Кантип күрөшөм?
Жашоо кызыксыз. Өлүп эле калсамбы?
Аялдар алдайт, азгырат, оору жугузат
Эркектер алсыз, сөзүндө турбайт, мени пайдаланат
Сүйүү жок, мени эч ким сүйбөйт, мен эч кимге керек эмесмин.
Үй – бүлөм жок, эмнеге турмуш кура албайм?
Бай болгондон корком, бай болсоң душманың көбөйөт
Кембагалдык бешенемде жазылган,таманым жоор болуп өтөмбү? ж.б.у.с. келеби?
Эми, денени байкайбыз: Ар бир суроодон кийин токтоп, денеи бош кой, көздү жуумп тур, өзүңдү тыңшап ук. Дененин кайсыл жеринде ооруу кандай сезимден кийин жана эмнеден пайда болду? Башыңдын кайсыл тарабында ооруупайда болду?
Денең – так жооп берет.
Байка : жаман ойлогондо дене өзүн кандай сезди?
Оорууну ойлогондо денең өзүн кандай сезди?
Мисалы: бут же жүрөк сайгылашып ооруп кетти, ошол дене мүчөңдөн кечирим сура, кечир. Мээңдин тартышкан жерин бош карма. Төбөңдөн энергия кирип жууп жатат деп элестет. Сүрөттү карап ал элестеткенге оңой болот.
Кыялыңда көз алдыңда кандай түстөр пайда болду? Түсү кандай? Ал түскө ыраазы бол, Миаслы: кызыл түс бутуңда турат, ошол түс менен сүйлөш -“Мен сени менен ушунча жыл бирге өмүр сүрдүм, сени кабыл алдым!Сен менен бирге кантип жашаганды үйрөндүм. Сага ыраазымын! – деп