Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова. Читать онлайн. Newlib. NEWLIB.NET

Автор: Алымкан Камчыбековна Карбозова
Издательство: ЛитРес: Самиздат
Серия:
Жанр произведения: Здоровье
Год издания: 2019
isbn:
Скачать книгу
өзү талкалап жок кылуунун аракетинде. Аны мойнуна алгысы келбейт. Себеби, өзүнүнө өзү душмандык кылып жатканын түшүнгүсү келбей, күнөөлүүнү издейт. Бул чындык. Мен аны түшүндүм. Эми, өзүмдү өзүм жеңип, адамдык касиетимди кайрадан кайтарып алуу керектигине көзүм жетти.

      Ал эми ойдун кубаттулугу канчалык күчтүү болсо, ал форма Ааламдагы ошол толкунга уланат да өзүнө миңдеген, миллиондогон көп күч кубат менен денеге кайтып келип ойду күчөтөт, энергияңды өзүнө тартып, материалдык дүйнөгө келе баштайт.

      Кандай ойлонсоң, ошол “ойдун башаты” сенин кана “жан дүйнөңдө” б.а. “ичиңде”, “денеңде” нурдун башаты жайгашкан. Ошон үчүн дайыма тартылуу күчүнүн негизинде “окшош нерселерди өзүнө тартат”. Ал эми ишке аша баштаганда “мына мен айтпадым беле”, “айтканым келди”,– деп сүйүнөбүз же “ошондой болот болуш керек”,”ушундай болуп калбаса эле болду” деп күткөн нерсени алгандан кийин күйүнөбүз. Учурунда ал нерсени түзбөй койсо болооруна маани бермек түгүл, кымындай да өзүңө пайда келтирүү керектигин ойлонбой автоматтык түрдй жаса бересиң, себеби. Сенин гениңде “өзүңдү бузуп, өлтүрүүчү” программа бар. Ошон үчүн көпчүлүк адамдар жаман нерсени угат, көрөт, коркунучу менен кубаттайт, анан бул дүйнөгө пайда кылып, бири– бири жалооруп тиктеп, жакшы адам болуп бири-бирине жардам бере башташат. Эми, ошондой ой келе баштаганда эле андан баш тартуу керектигин өз учурунда ойлонгон болсо албетте, мындай көрүнүштөр токтомок. Баардык нерсе ойдон бшталат, ой энергиядан турат. Аны күчкө киргизген ар бир адам баласы. Акылы менен иштеп, жүрөгүн уга албаган адамдар.Акыл материалдык дүйнөдө жашайт, иштейт. Жүрөк жан дүйнө менен байланышкан ал акылман, жана кандай жол менен барса жашоо кандай болоорун алдын ала билет жана көрөт. Ошон үчүн сени азыр ким башкарып жаткандыгын түшүн.

      Бүгүнкү күндөгү турмуш ар бир адам өзү түзгөн ой дүйнөнүн ишке ашышы. “Аң сезимде, жан дүйнөңдө” эмне болсо ошол кана ишке ашат.

      Көзүң эмнени көрсө, ошол нерсени мээң иштеп чыгып жашооңо тартуулайт. Ой жүгүртүүң, ички дүйнөң, сезимиң кандай акыбалда болсо ошондой шартты өзүң түздүң, өзүң кана жашайсың.

      Эми ар бириң өзүң ойлонуп көр, өзүңдүн тагдырыңды өзүң талда. Үй бүлөңдү кара, иштеген ишканаңды, тууган уругуңду, айылыңды, шаарыңды, мамлекетиңди кара. Кандай адамдар сени курчап,кандай жашоодо жашайсың? Ага сенин айлана чөйрөң күбө.

      Бул, ар бир адам өзү түзгөн дүйнө. Сен өзүңдү кандай “сезсең” дал ошол дүйнөдө, үй бүлөдө, мамлекетте жашап, иштейсиң.

      Ким кайсыл ойдун толкунунда?

      Эмнеге күчүңдү кетирип, эмнени күчтөнтүп жатасың?

      Ден соолугуңду байка? Денеңдин кайсыл жери жабыр тартып, оорууга чалдыкты? Оюңдун күчүн өзүң байка? Жашаган үй бүлөңдүн деңгээлинде элеби же мамлекетиңден ашып бүт дүйнөгө кетип жатабы? Оюңдун сапаты кандай? Кандай сөздөрдү көп пайдаланасың? Өзүңдү кандай сезесиң? Мындан ары көнүмүш адат керекби же…? Өзүң чеч!

      Жакшылап ойлон – бул сенин ден соолугуң, тагдырың. Сенден тараган урпактарындын ден соолугу, тагдыры. Бул деген жашаган айылдын,