Руслан Ырыстын үйүнөн чыкты да эч ойлонбостон эле Тулиева көчөсүндөгү эркектер үчүн өзүнөн өзү пайда болуп, уюшуп калган «эс алуу аймагын» көздөй жөнөдү. Аты менен даңкы чыккан бул көчөдө «түнкү көпөлөктөр» кызмат көрсөтүшөт. Ал жерде дээрлик ар бир экинчи үйдүн дарбазасында «Мончо, Кыз жок» деп жазып коюшкан. Руслан бул жердин кардары. Кайсы мончодо кандай кызматтар бар экенин беш колундай билет. Совет мезгилинде кымбат бир импорттук товарга эл кезек күткөндөй, бул жерде Руслан да өз кезегин күтүп, чала-була жуунуп, жыланач шыйрактарын көрсөтүп оронуп алып, кезектеги кардарды кабыл алмакка жүгүргөн кыздарды шыкаалап далай ирээт туруп калган күндөр болгон. Русландын бул балиттик менен ыймансыздык уялаган жерге болгон ушул жолку сапары тагдырында чоң бурулуш жасаарын сезбей «чыйт» түкүрүп кете берди…
***
Канат үчүн жарытарлык эч нерсе биле албай Нурик кайтып келди. Канаттын өңү бозоруп, бүрүшүп такыр эле болбой калыптыр. «Эртең өзүм барбасам болбойт, мен минтип жүрө албайм…айй…ат-т-та-а-а» деп кыжалат болгон Канат бир орунга тура албайт. «Кырсык болгон жерди таштап кетүү да өзүнчө айыпталат да»-деп айласы түгөнүп Канат бетин эки алаканы менен жышып сүртүп алды. Канча жылдан бери досунун ойт бермесин жакшы билген Нурик анын өзү барып колго түшүп берээрине анча ишене албай турду…
***
Чылым күйгүзгүч сатып алган жигит сыртка чыгып кеткен сон, дүкөнчү эжени «Уулум күбө болгонун айтсынбы же айтпай эле койсунбу?»-деген суроо кайра жаңырып кыжалаат кылууда. Энелик жүрөгүндө уулун ар балээден коруп, ашыкча маселеси жок жүрүшүн каалаганы менен, бир үй-бүлөгө түн түшүп турганда, билип туруп, унчукпай коюуга да адамдык абийири жол бербей, эмне кылаарын билбейт. Жанатан, кырсык болуп эл чогулуп турганда милиция кызматкерине чуркап барып айткысы келген 15-16 жашар уулун тыйып «жөн отурчу, сенсиз деле таап алышат»-деп койгон. Эми жүрөгүн «жол тескөөчү кызматкерлер иштеп, издеп табышаар бекен, же…» деген суроо кыйнайт. Өткөн жылы дүкөнүнө кирүүгө болгон бирөөнүн кара өзгөй аракети, аймактык милиция кызматкеринин