Алтын сандыктагы ырлар. Кадыр Абакиров. Читать онлайн. Newlib. NEWLIB.NET

Автор: Кадыр Абакиров
Издательство: ЛитРес: Самиздат
Серия:
Жанр произведения: Поэзия
Год издания: 2018
isbn:
Скачать книгу
чертет бир күүнү,

      Тымызын гана сайраңдап.

      Күүдөн тайбас улуу эмгек,

      Күзүндө күргүчтөп башталат.

      Саан койлор төлдөөчү убак жок,

      Сарай азыр эс алат.

      Мемиреген тынчтык менен.

      Кошулуп согуп өткөн жел менен

      Түн ичинде жылдыздарга кайрылат,

      Жакшынакай дубай салам кабар менен.

      БАЛАМА

      Кызыгып улам-улам карадың,

      Кызыл атчан баратканда сапарга.

      Кызыл аты сонун бекен садага,

      Кыр өйдөлөп кеттиң алыс жактарга.

      Кызыл атчан жигиттей таңдантып,

      Кымбат атты өзүң дагы минээрсиң.

      Кызыктырып далай жанды карантып,

      Кырды бойлоп күлүк минип келеерсиң.

            ЖОЛДО

      Алыска сапар чыккан болчумун,

      Мага досум энчиледи жоргосун.

      Жол жомогу токтобой уланат,

      Жоргочон узак сапар жолдомун.

      Жоргом дагы жол улоодо талыбай,

      Жолду басып сапарладым бир далай.

      Жорго берген досума да ыракмат,

      Жол арбытып келетамын чарчабай.

      КОШОМАТЧЫЛЫК ШТАТ

      тамсил

      Эшек кожоюнун өйдө-төмөн ташып,

      Эпеңдеп жүрөт жумушка аралашып.

      Ит берилүү менен үй кайтарат,

      Короодон анча деле алыстабайт.

      Чычкан майда баратты терип жейт,

      Эрмек кылып бир нерсени кемирет.

      Тоок жумуртка тууйт ап-аппак,

      Кожоюну ыраазы болот аны санап.

      Бөлүнгөн штат аны менен жанын багат,

      Жээ мээнэттенип эмгектене тамак табат.

      Бирок, ит дагы бир штат ачып алып,

      Кожоюнга куйругун шыйпаңдатып.

      Жаныбарлардын ызы-чуусу башталды,

      «Ит кошаматчы, топ бузгуч».– аталды.

      «Бизде кошаматчылык штат жок эле,

      Бу бөлүмдү ачып, алды ал эмнеге?»

      «Итиңизге көз салыңыз», – деп кожоюнга барышты,

      Таксыр «Катуу койом»,– деди Мындан ары талапты».

      Кожоюн жаныбарлардын өтүнүчүн эске алып,

      Ит жылбай калды бир оорунга байланып.

      Ал бир жерге гана байланып калды,

      Бирок, ичет мурунку эле тамактарды.

      Кайта жаныбарлардан чуру-чуу чыкты,

      «Ит таштабай койду кошоматчылыкты».

      Кожоюнга келишти алар кагаз алып,

      Ит жөнүндө баягыдай арыз жазып.

      «Куйругу кесилсин», – катуу койду талапты,

      «Жоготуу керек, кошоматчы, арамзалыкты».

      «Куйругу кесилсе, эле кошоматчылык бүтөт»,– деди,

      «Баардык кемчилик орун алган денесинде береги».

      Ошентип аткаруу үчүн ушул чечимди,

      Иттин куйругу анан барып кесилди

      Бирок, иттин куйругу кесилсе деле,

      Денеси менен кошомат кылат алиге.

      Жаныбарлардын арасында чуу башталды,

      Мурунку токтом жарабады, жакпай калды.

      Кошоматчылык дарт куйругунда эмес экен,

      Ал залал орун алыптыр алигинин мээсинен.

      Кошоматчылык кылган итти өлүмгө буйрушту,

      Кичинекей чычкан аткарсын дешти буйрукту.

      Ал