Адамдын Асыл ойлору. Кадыр Абакиров. Читать онлайн. Newlib. NEWLIB.NET

Автор: Кадыр Абакиров
Издательство: ЛитРес: Самиздат
Серия:
Жанр произведения: Афоризмы и цитаты
Год издания: 2018
isbn:
Скачать книгу
* *

      Күндүн кыскарганы, катаал кыштын келатканы. Чоң байдын сараңданып пейлинин тарышы ага жакырчылыктын келатканы.

      * * *

      Бирөөгө карызга бермей да бар, аны кайра сурамай да бар. Адам өтө жарды болсо, аны соопчулук үчүн албай коймогу да бар.

      * * *

      Элдешкис душманга берейин деген уу ачуу, катуу кайгыны уккан адамдын ыйы ачуу, жамандын оозунан чыккан сөз ачуу.

      * * *

      Аны талантсыз деп айтууга болбойт. Талантсыз болсо чыгармаларын жазбайт эле го. Ошол чыгармаларын кандай жаратты, аларда эмне касиет бар башкы кеп ошондо.

      * * *

      Кыраан бир бийиктиктен учуп өткөнүнө ыраазы болбойт. Ал катары менен көп бийиктиктен, учуп өтүш керек. Ошондо гана ал тагдырына ыраазы болот.

      * * *

      Үлгүлүү жүрүш-туруш кагазга жазылбаган осуят. Жакшы адамдар үлгүлүү жүрүш-турушу менен кийинки муунга осуят калтырат. Кагазга жазылбаганы менен ал дагы чыныгы осуят.

      * * *

      Көлчүктөгү сууга караганда, булактын суусу таза, эски жааган карга караганда, жаңы жааган кар таза, ушакчынын оюна караганда, кичинекей наристенин оюу түбөлүк таза.

      * * *

      Азыркы жетекчи мурунку куулуп түшкөн жетекчинин жолу менен баратса, ал бийлик эмес, так эле кагаздагы эң жаман көчүрмө.

      * * *

      Таланттуу мугалим болбосо, таланттуу окуучунун болушу да кыйын, маданияттуу ата-эне болбосо, маданияттуу баланын болушу да кыйын. Кыскасы, баланы тарбиялоо оор. Эмгектенбесе, баары эле кыйын.

      * * *

      Кагылайын туулган жердеги кашка жол – сенин атың улук. Анткени, сенде менин ата-бабамдын изи калган. Ошону эстеп кайра-кайра каранам. Менин балалыгымдын изи, да сенде калган. Баарыбыздын изибиз сенде калган.

      * * *

      Кагылайын кашка жол! Сени басып менин ата-бабам өткөн. Тилиң болсо, алардын баянын мага айтып берээр элең, айтып бере албайсың. Ошонуң арман, сенин айтып бере албастыгыңы мен билем, бул да арман.

      * * *

      Адамдарга улуулук жакшылык жасоо жолу менен келсин. Баардык бакыт жакшылык жолу менен келсин.

      * * *

      Улуу нерсе жерде калып унутулбайт. Анткени ал өлбөс мүрөктүн суусунун даамын таткан. Ошол үчүн унутулбайт.

      * * *

      Унутулуучу жана унутулбоочу иштер болот. Жакшы ыйык иш эч убакта унутулбайт. Кээ бир окуяларды унутпайын десең да унутулуп жок болот.

      * * *

      Жаштыктын абийирдүү болгону урмат, карынын сыйлуу болгону андан бетер урмат.

      * * *

      Жаш кезимде карылык өтө алыс ыраак тарапта болгондой көрүнгөн. Ал а бу дегиче эле кирип келди. Таңдандым, ал жакын эле жерде турганын эмнеге билбедим?

      * * *

      Кагылайын касиеттүү туулган жерим! Сен мага кайрат берип акын кылдың. Мен сен жөнүндө ыр жазайын, сен ата-бабамдын тарыхын айтып берсең боло!

      * * *

      Жылкычы чымчыктын үнүн уктум. Буттарына жаз байланып келаткан окшойт. Бизди кубандырып жаз майрамын алып келген окшойт.

      * * *

      Төбөсү ачык көк улук, төшү түктүү жер улук,