Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова. Читать онлайн. Newlib. NEWLIB.NET

Автор: Алымкан Камчыбековна Карбозова
Издательство: ЛитРес: Самиздат
Серия:
Жанр произведения: Здоровье
Год издания: 2019
isbn:
Скачать книгу
толук жардам бербей тургандыгына көзүм жетти. Анткени адамдар ар кандай дене түзүлүштө жана жашоо шарты, жашоого болгон ой жүгүртүүсү ар башкача. Бир эле дары бирөөнү заматта айыктырса, экинчи адамдын ооруусун кабылдатат. Аны өз убагында доктурларга айтуу керек, антпесе врач сенин ичиңде эмне болуп жатканын кайдан билсин. Албетте, кесел адамдын оюн угуу ар бир врачтын “көңүлүн” бура бербейт, себеби, алар дагы өздөрүнүн системасы аркылуу дарылайт. Ал шартты бузуу үчүн дарыгер өзүнө өзү ишенген, тажрыйбасы күчтүү, бийлиги бар кызматкер болушу керек. Гиппократтын антын, медицинанын тартибин бузуу ар кимдин колунан келе бербейт, себеби кызматтагы жоопкерчилик күчтүү. Ошондуктан денеңдеги болуп жаткан өзгөрүүгө өтө кылдаттык мамиле жасоо өзүң үчүн пайдалуу.

      Дары дармек, бул алгачкы, учур чактагы оорууңду басат. Медицина “ физикалык денедеги” оорууну айыктырат. Ал эми анын “тамыры, баштапкы себеби – менин ички дүйнөмдө, жан дүйнөмдө, менин оюмда, сөзүмдө, эмоционалдык, психикалык сезимимде” экендигине учурунда маани берген эмесмин. Мен ал түшүнүктөн өтө алыс болчумун. Азыркыдай “билимим” ал убакта жок болчу. “Коркунуч” мени дайыма башкарып, уккан кулагыма ишенип, айлана чөйрөдөгүлөрдүн жашоосу менен бирге жашагам.

      Ар кандай ооруунун, проблемалардын, окуялардын фундаменти өзүңдүн дене түзүлүшүңдүн түпкүрүндө, сезимиңде, оюңда, сүйлөгөн сөзүңдө экендигин мойнуңа албасаң ар кимге арызданып, “оорууңду” айтып жашайсың. Ал эми, ички дүйнөңдө кулап, урап жатсаң, сени эч ким кайра кура албагандыгын учурунда түшүнгүң келбейт. Ал эми, медицинанын сенин ички дүйнөңү кайра курууга күчү жетпейт, себеби, адам денеси өтө татаал дене түзүлүш. Аны эч кандай аппарат көрсөтпөйт, себеби ал сенин ишенимиң, элестетүүң, кабыл алууң, ойлонууң, даам татууң, жыт жыттоң, ар кандай эмоционалдык жана психологиялык сезимдериң менен түзүлгөн дүйнө. Мен анын тууралыгына жана ар кандай ооруунун “негизги булагы – ар бир адамдын өзүндө, генде, канда, өзүңдүн маалымат талааңда, жекече тарыхыңда, жаныңда” экендигине көп жылдардан кийин көзүм жетти.

      Эгерде “үмүтүң, сүйүүң, эркиң, ишенимиң, акылың” сени менен бирге болбосо, “туура дем алууну” билбесең, сени эч ким толук айыктыра албайт. Ошон үчүн баардык күчтүн башаты өзүңдө экендигин өзүңө өзүң түшүндүрүп бар. Себеби, сенин дүйнөңдө “Өзүң кана биринчи жана башкаруучу адамсың!” Өзүң менен өзүңдүн бекем биримдигиң кана сени бир бүтүндүктө кармап, ден соолукка алып келе алаарына көзүм жетти.

      “Адам денеси, өтө татаал чоң система” экендигин түшүнүп жана ар бир адамдын организми өзүн өзү дарылоого жөндөмдүү экендигине чындап ынандым.

      Ал фундаментти куруучу да бузуучу да ар бир адам өзү.

      Мен, азыр бул нерсени толук ишеним менен айта алам.

      “Адамзаты – өзүн өзү курган да, бузган да – өзү” экендиги чындык”.“Жалкоолугу чегинен ашкан” адам кана башкаларга ишенип, башкалардан үмүт этип жашайт.

      “Эрке” адам кана оорууну эркелетип, бапестеп багат, коштошкусу келбей көп